БИОМАДАНИЙ АР ТҮРДҮҮЛҮК БОРБОРУНА АЙТМАТОВ МУРАТАЛЫНЫН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 26.11.2018
  • 0

22-ноябрда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Биомаданий ар түрдүүлүк борборуна ветеринария илимдеринин доктору, профессор, педагогог, КУАУнун белгилүү окумуштуусу Айтматов Мураталы Бекматовичтин атын ыйгаруу аземи болуп өттү.

БИОМАДАНИЙ АР ТҮРДҮҮЛҮК БОРБОРУНА АЙТМАТОВ МУРАТАЛЫНЫН АТЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

2010-жылдан баштап Мураталы Бекматович Биомаданий ар түрдүүлүк борборун жетектеген. М.Айтматов башында турган борбордун эмгек жамаатынын талыкпаган аракетинин аркасында илимий чөйрөдө салттуу билимдерге болгон мамиле сезилерлик өзгөрүп, этноботканика, этномалчарбачылык, этнодыйканчылык багыты боюнча кыргыздардын уникалдуу салттуу билимдери системага салынып, ири иштер бүткөрүлдү. “Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери” аттуу дисциплина аралык окуу курсу иштелип чыгып, окуу процессине киргизилип, салттуу билимдер боюнча бир катар монографиялар, илимий-популярдуу мүнөздөгү китептер басылып, эл аралык илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, этноилим боюнча илимий-изилдөө иштери башталган.

Мураталы Бекматовичтин  жетекчилиги астында КУАУнун ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинде Көчмөн элдер маданиятынын музейинин долбоору түзүлүп, ал 2017-жылы ачылылган. Учурда Мураталы Айтматовдун демилгеси менен “Жайыттарды пайдалануунун жана башкаруунун негиздери” аттуу дисциплина аралык  окуу колдонмосу иштелип чыгып, басмадан чыгуу алдында турат.

Кыска мөөнөттүн ичинде Борбор өзүнүн ишмердүүлүгүнүн аркасында туруктуу борборго айланып, алдыңкы чет элдик окумуштуулардын (доктор Фикрет Беркес, Умберто Лабрада, Патрик Холден, Кирилл Калсояс, профессор Билялова Г. ж.б.) жана эл аралык уюмдардын (Кристенсен Фонду, MSDSPKG – Ага Хан демилгелер КФ, ВПП ООН, ОФ САМР Ала-Тоо КФ, RDF КФ ж.б.). жылуу пикирлерине арзыды.

Мураталы Бекматович көптөгөн илимий конгресс, симпозиумдарга (США, Канада, Дания, Швейцария, Турция, Франция, Германия, Индия, Пакистан, Великобритания, Филиппины, Венгрия и др.) катышып, Кыргыз улуттук агрардык университетин эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө жетишкен. Тилекке каршы, профессор Айтматов Мураталы күтүүсүздөн дүйнө салып, ал иштеген окуу жайы жана илимий чөйрө чоң жоготууга учураган. Анын элесин университетте гана эмес, тарыхта сактап калуу максатында аталган борборго аты ыйгарылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер