БИОАРТYРДYYЛYК КYНYНӨ АРНАЛДЫ

  • 25.05.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Эл аралык биоартүрдүүлүк күнүнө карата аралаш форматта илимий семинар ɵттү.

Иш-чара профессор М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулуп, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана республиканын атайын коргоого алынган аймактарынын илимий кызматкерлери катышты. Факультет мамлекеттик коруктардын, жаратылыш парктарынын жана биоартүрдүүлүк кафедрасынын ортосунда түзүлгөн илимий келишимдердин негизинде тыгыз иш жүргүзүлүп келет.

Факультеттин деканы Чоров Маматкан катышуучуларды куттуктап, 22-май — Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүк күнүнүн тарыхына кайрылып, бул дата Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 2000-жылдын 20-декабрда кабыл алгандыгынын, Кыргыз Республикасы 1996-жылы биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Эл аралык конвенцияны ратификациялагандыгын айтып, анын негизинде биология жана химия факультетинин курамында 2002-жылы биоартүрдүүлүк кафедрасы түзүлүп, учурда жогорку жетишкендиктер менен алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгиледи.

Семинарда “Профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын калыптанышы жана жетишкендиктери”, “Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы”, “Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы”, «Ысык-Кɵл биосфералык коругу, «Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу», “Өсүмдүктөргө жана жаныбарларга топурак менен суунун булганышынын тийгизген таасири” деген сыяктуу илимий баяндамалар жасалды.

Жыйынтыгында модератор, профессор М.Ахматов баардык катышуучуларга чын ыкластан ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын баалуу флора жана фаунасынын биоартүрдүүлүгүн коргоо жаатында мындан ары да Кыргызстандын атайын коргоого алынган аймактары (биосфералык территория, корук, корукча, жаратылыш парктары ж.б.) менен тыгыз иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер