“БИЛИМКАНА” МЕНЕН БЕШ ТАРМАКТА ТААНЫЛГАН ЭЛНУРА ОСМОНАЛИЕВА

  • 01.03.2024
  • 0

 

“БИЛИМКАНА” МЕНЕН БЕШ ТАРМАКТА ТААНЫЛГАН ЭЛНУРА ОСМОНАЛИЕВА

Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанга да кеңири таанымал Билимкана” алдыңкы заманбап мектептердин бири. Учурда Кыргызстанда, Казакстанда Билимкана мектептерин жетектеген Эльнура Осмоналиева коомдук ишмер, кинорежиссер, актриса, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, өлкөбүздүн жаа атуу федерациясынын президенти катары да таанымал. Ал “Алмаз”, “Сейде”, “Биз жашаган өлкө” тасмалары менен белгилүү.

Элнура бала кезинде ата-энесинин жумушуна байланыштуу бир топ мектепти алмаштырган: ал Кызыл-Кыядагы белгилүү №2 орус тилдүү мектебинде, андан кийин Аксыда Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орус-кыргыз тилдүү мектепте окуп, андан соң англис тилдүү классы бар мектепке которулган. Аксы районундагы Кербен шаарындагы Жунай Мавлянов атындагы лицей мектебин аяктаган. Элнуранын атасы Мадалбек Сатымбаевич Москвада билими алган экономист, ал эми апасы Насиба Сүйүналиевна физика мугалими.

Элнуранын айтымында, алардын үйүндө чоң китепкана бар болчу жана ата-энесинин китепке жакындыгы анын балалыгына катуу таасирин тийгизген.  Мектепте окуп жүргөндө Элнура эл аралык FLEX алмашуу программасынын финалисти болуп, Америкадагы мектепте  билим алган. АКШда Элнура телекоммуникация сабагынын биринде алгачкы кыска метраждуу тасмасын тартып, сценарий жазганды жана адамдардан маек алганды үйрөнгөн. Америкадан кайтып келгенден кийин Элнура  Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырган. 2013-жылы ал дүйнөдөгү мыкты кино окуу жайларынын бири болгон Нью-Йорк университетинин кинематография магистратурасында билим алган.

2009-жылы “Шамчырак” кыска метраждуу тасмасы жарык көргөн. 2010-жылы “Алмаз” аттуу биринчи даректүү тасмасы чыккандан кийин Элнуранын ысымы кеңири таанылган. Бул тасма ооруну жеңип, билим алууга дилгир студент жигиттин окуясын баяндайт. Элнура Алматыда өткөн “Шакен жылдыздары” эл аралык кинофестивалында “Мыкты оюндук эмес толук метраждуу тасма үчүн” байгесине ээ болгон. Эл аралык кинофестивалдарда бир нече байге алган “Алмаздан” кийин көпчүлүктүн көңүлүнө толгон “Биз жашаган өлкө” тасмасы тартылган. Бул тасма 2013-жылы Кыргызстандын Улуттук киносыйлыгына ээ болгон.  2015-жылы жарык көргөн “Сейде” кыска метраждуу тасмасы Элнуранын карьерасындагы кезектеги бурулуш болуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Венеция фестивалынын конкурстук программасына тандалып алынган. Бул дүйнөдөгү мыкты үч кинофестивалдын бири болуп саналат. Тасма “Горизонттор” номинациясында башкы сыйлыкка көрсөтүлгөн. 2016-жылы тасма “Сандэнс” Эл аралык кинофестивалында конкурстук программага тандалып алынган. Бул – кинофестивалга Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир” тасмасынан кийин катышкан экинчи кыргыз тасмасы.

Элнура режиссёрлуктан тышкары актёрдук кесипти да аркалап, 2007-жылы Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” көркөм тасмасында Бурманын ролун, “Чёрный двор” сериалында өспүрүм баланын апасынын ролун, Актан Арым Кубаттын “Эсимде” атуу толук метраждуу тасмасынды Мээримдин ролун ойногон. 2020-жылы чыккан “Эдемге жол” тасмасынын кош-продюсери болгон.

-Учурда төрт баланы тарбиялап өстүрүп, билим берүү тармагында кандай көйгөйлөр бар экенин жакшы билем. Ошондуктан жолдошум экөөбүз сырт жактан алган билимибизди дүйнөлүк тажрыйбаларды салыштырууга негиз түзгөндүктөн заманбап “Билимкана” жеке мектебин негиздегенбиз. Анткени турмуштан жана окуудан алган тажрыйбаларды иргеп, электен өткөрүп, балдарга жаккан ыкмаларды өөрчүтүп, жагымсыз көрүнүштөрдү жоюп, аларга түшүнүктүү, кабыл алууга боло турган билим жана тарбия берүүнү максат кылганбыз. Кыргыз, орус, чыгыш, батыш маданияттарын аралаштырып, бирок биздин балдарга жакканын ишке ашырууга аракет кылып келебиз. “Билимкананын” башка мектептерден айырмачылыгы – баланын өзүнө болгон сезимин аздектөөнү, өзүнө  болгон ишенимди, сый-урматын арттырууну өөрчүтүү болуп саналат. Балдар өзүн баласынтпай, туура мамиле жасаганды жакшы көрүшөт. Улууга урмат кылсак, кичүүгө да ызаат кылышыбыз керек. Бизде кыргыз, орус, англис тилинен тышкары, баланын тандоосуна жараша түрк, кытай, немис, жапон, француз тилдерин окутабыз. “Билимкананын” олимпиадаларын өткөрүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып турабыз.  Бизде Америка мектеби, Жапония мектеби, Кытай мектеби деп бөлүнгөндүгү менен айырмаланат. Ошол эле учурда алардын баарын кыргыз мектеби бириктирип турат. Биздин окуучулардын 40-50 пайызы башка улуттун өкүлдөрүнүн балдары. Бирок баары “Биз кыргызбыз” деп айтканды жактырышат. Буга мисал, Казакстандагы “Билимкананын” директору Наталья Петровна Ворожбаева Казакстанда жашагандардын баары “Биз казакпыз” деп сүйлөшөөрүн айтат. “Билимкананын” 5 мектебинде жатаканасы бар, дем алыш күндөрү балдар үйлөрүнө кеткиси келбейт. Ушунун өзүн көрсөткүч катары бааласак болот,-дейт Элнура Мадалбековна.

“Билимканада” баланын окууга эле эмес, башкага да шык-жөндөмдөрүн, талантын ачканга басым жасалат.  Баладагы башкалар байкабаган талантты өөрчүтүп, өстүрүп чыгуу, өзүнө болгон ишенимди жаратуу башкы максаттардын бири. “Билимканага” келген баланын өзгөчөлүктөрүн, өз алдынчалуулугун,  уникалдуулугун сактап калууга аракет кылышат. Мектепте армиялык тартип, күч колдонуу, коркутуу жолу эмес, өз ыктыяры, табигый жол менен баланын келечегине жол ачууга умтулганы менен ата-энелерге да жагат.  Ошондуктан мектепте ата-энелер менен балдары үчүн тренингдерди өткөрүлүп, анда ата-эне өзүнүн баласынын үйдө байкабаган жактарын чогуу тренингге катышканда билип, ошого жараша мамиле кылуу эске алынган. Эгерде ата-эне үйүндө китеп окубаса, үйүндө китепканасы жок болсо, кантип баласын китеп окууга үндөй алат? Ошондуктан баланы кичинесинен баштап окууга кызыктырып, музей-театрларга алып барып, китеп сатып берип, жакшы дос таап берип, ар дайым кеңешип, ата-эне өзү дайыма үлгү болууга тийиш. Ошондуктан “Билимканада” атайын ата-энелердин клубу ачылып, алар үчүн дагы окуулар, сабактар өткөрүлүп, жаңы маалыматтар берилип турат. Анда учурдагы балдардын суроо-талаптары эске алынып, кеп-кеңештер айтылып турат. Себеби,ата-энелердин дагы жоопкерчилиги жогору, жаңы жөндөмдөргө ээ болушу зарыл.

-Бала тестирлөөдөн өткөндөн кийин, ата-энелер менен да иш жүргүзөбүз, аларга да тапшырмалар берилет. Биз жалпы чогулуш да өтпөйбүз, ар бир ата-эне менен жеке жолугуп сүйлөшөбүз. Ата-эне баласын башка балдар менен салыштырбашы керек. Баланын өзүнүн ийгиликтери менен гана салыштыруу зарыл. Мектептеги гранттык программа боюнча алтын, күмүш, коло стипендиябыз бар. Коомдук иштерге активдүү катышкан окуучулар 500 долларга чейин стипендия алышат. Баланын ийгилигине эмес, аракетине жараша баалайбыз. Биздин негизги каалообуз – балдардын аракетине карай колдоо көрсөтүү. Кечирээк болсо да, ар бир аракетинин үзүрү сөзсүз көрүнөт, эгерде биз анын аракетин баалабасак, ал аракеттенбей калат. Балдардын өз алдынча аракеттенүүсүнө жетишүү үчүн бири-бирин окутуу ыкмасын жайылтып жатабыз. Бир класстын балдары бири-бирин окутушуна жетишүүгө кызыгып жатабыз. Мугалим гид, устат катары сырттан карап турат, керек жерден жардамга келет. Анткени бул дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш. Мисалы, мугалим балдарга алдын-ала темаларды бөлүштүрүп берет, ал сабак өтүү үчүн презентацияга даярданат. Ошол күнү бала классташтарынын алдына чыгып, айтып берет. Балдар бири-бирине окутуу жолуна түшкөндө, бала элдин алдына чыгып сүйлөгөндү, маалыматты топтоп, ирети менен баяндап бирөөлөргө айтып бергенди үйрөнөт. Эң негизгиси, балага мугалимди эмес, өзүнүн курбусун уккан кызык. Бул горизонталдуу окутуу ыкмасы, -деп Элнура мектептин өзгөчөлүгүн айтып отурду.

“Билимкана” мектептерине мектепке чейинки даярдоодон баштап, 1-11-класстын окуучулары кабыл алынат. Бизде 0-класстан 11-класска чейинки балдар окуйт. Балдар англис жана кыргыз тилдерин тереңдетип окутуу менен бирге, алардын тандоосу боюнча кошумча чет тилдери жана сөзсүз музыкалык билим окутулат. Башка мектептерден айырмасы – кыргыз тилин үйрөтүүгө басым жасалат. Өзгөчө иштеген ата-энелер үчүн ыңгайлуу жагы – мектепке атайын унаа менен алып кетип, кайра алып келишет. Бул баланын коопсуздугун сактоодо да өтө маанилүү.

“Билимканада” кыргыз тилдүү “Учур” мектеби менен бала бакча ачылып, билим-илим жана бизнес багытында окуу жүргүзүп жатат. “Учур”мектебинде жана бала бакчасында “Атам жана мен” деген саамалыктын алкагында ата-энелер чакырылып, балдар менен кошо ойноп, китеп окушуп, талкуулап, кызыктуу кечелер уюштурулуп турат.

-Мен ар дайым изденүүнү жана жаңы нерселерди үйрөнүүнү жакшы көрөм. Бардык нерсеге чыгармачылык көз караш менен карайм. Мисалы, мен мектептерибиздин дизайнын, жасалгасын өзүм ойлоп тапканды жактырам. Мага бири-бирине дал келбеген нерселерди айкалыштыруу, жоктон бар нерсени жаратуу, ар бир адамдын жашоосун жеңилдеткен жаңы стандарттуу эмес чечимдерди таба билүү жагат. Музыка  жана тил үйрөнүүгө басым жасайм.  Балдар менен көп убакыт өткөрөм. Биздин төрт балабыз бар. Алар менен баарлашып, жаңы идеяларга ээ болом, алар тааныш нерселерге жаңыча көз карашты жаратат. Балдар түркүн суроолорду берип, ата-энелердин туура эмес жерлерин көрсөтө алышат. Бул бизге көп жардам берет. Негизги баалуулуктардын бири — ыраазычылык сезими менен каниет кылып жашоо.  Мен үчүн адилеттүүлүк маанилүү. Калыс адам болууга, адилеттүү чечим чыгарууга аракет кылам. Кино жаатында дагы кызыктуу долбоорлорум бар. Кино мен үчүн коомго таасир эте турган курал. Бул дагы менин искусстводо өзүмдү көрсөтүү жолум, эстетикалык ырахат тартуулоо жана окуяларды айтуу менен жакшы нарктуу нерселерди жайылтуу мүмкүнчүлүгү,-дейт Элнура Осмоналиев.

Анын ишинин дагы бир багыты – спорт. Жаа атуу жөнүндө кыялданчу. Ден соолукка пайдалуу жаа атууну өздөштүрүп,натыйжада бир нече жылдан кийин Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын жетекчиси болуп, эл аралык турнирлерди уюштуруп, спортчуларды чет өлкөлөрдөгү мелдештерге катышуусуна демөөрчү болуп, колдоого алып келатат.  Учурда Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти катары да спортко колдон келген салымын кошуп жатат.

Беш тармакты бирдей алып, ийгиликтерди жаратып келаткан Элнура Мадалбековнаны жана Кыргызстан боюнча мектептерде, бала бакчаларда эмгектеген айымдарды 8-Март жаз майрамдары менен куттуктайбыз.

 

Кабыл Макешов,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер