БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

  • 14.09.2026

 “Ынтымак Ордо” резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшырды. 

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ— Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө жана ар түрдүү тармактарды өнүктүрүүдө өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел. Мамлекеттик сыйлыктардын түпкү философиясы да мына ушунда. Сыйлык – бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарына карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы! — деди куттуктоо сөзүндө мамлекет башчы.

Өлкө башчысы сөзүн улантып: «Улуттук педагогиканын чыгааны, профессор Акматали Алимбековдун эмгеги жаркын келечегибиздин пайдубалы», — деп баса белгиледи.
— Унутта калып бараткан этнопедагогикабызды терең изилдеп, ата-бабабыздын улуу нарк-насилин заманбап илимге айлантып жатасыз. Сиздин өрнөктүү өмүрүңүз эл агартуунун эң бийик үлгүсү десек жаңылышпайбыз, — деди М.Жапаров.

Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлык берүү системасы жаңыртылып, алардын кадыр-баркын көтөрүү максатында 22 сыйлык түрү аныкталып, оптималдаштырылганы белгиленди.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

Сыйлык каармандары

Бектур Исаков — Кыргыз Эл мугалими, 41 китептин жана 259 илимий-усулдук макаланын автору. Билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы менен сыйланды.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

Тилектеш Ишемкулов — К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин ардактуу профессору, тажрыйбалуу журналист. Ал III даражадагы “Манас” орденине татыктуу болду.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

Акматали Алимбеков — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, белгилүү педагог-окумуштуу. Элдик педагогика жана адеп-ахлак тарбиясы боюнча эмгектери үчүн “Кыргыз Республикасынын эл мугалими” жогорку ардактуу наамы ыйгарылды.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

“Кыргыз Республикасынын жаратманы” ардактуу наамы Асель Сартбаевага ыйгарылды. 

Борбор Азиядан чыккан дүйнөгө кеңири таанымал окумуштуу, химия илимдеринин доктору, Улуу Британиянын Падышалык илимий коомунун мүчөсү, ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси.

Ал 1979-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Бишкектеги “Апис” жеке мектебинин бүтүрүүчүсү . Ал так илимдерге дайыма кызыгып келген. Асель алгачкы жогорку билимди Кыргыз-Орус (Славян) университетинде Табигый техникалык факультетинин механика кафедрасында алган. Студент кезинде олимпиадаларга жигердүү катышып, “сопромат (материалдардын каршылыгы), инженердик дисциплина” боюнча республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон. Ал ошондой эле Алматыдагы (Казакстан) Британ кеңешинин кеңсесинде ыктыярчы болуп иштеген.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

Улуу Британияда ал “Кремний структураларындагы иондук диффузия” деген темада илимий даражага ээ болуп, профессорлордун биринин мурунку изилдөөсүн моделдештирүүдөгү катасын өзүнүн экспериментинде көрсөтүп берген.

Улуу Британиянын Падышалык илимий коомуна мүчө болгон кыргызстандык жалгыз окумуштуу аял. Бул – дүйнөдөгү абройлуу жана эң байыркы илимий коом, анын мүчөлөрү Исаак Ньютон, Стивен Хокинг жана башкалар болгон.

БИЛИМ-ИЛИМДИН ЗАЛКАРЛАРЫНА ТААЗИМ

Эмгек жолу

  • 2012-жылдан азыркыга чейин: Бата университетинин химия боюнча илимий кызматкери, Улуу Британия;
  • 2005 – 2007-ж.ж.: Аризона мамлекеттик университетинин Физика кафедрасынын Пост-докторанты, Америка Кошмо Штаттары;
  • 2007-жылы – Сэмюэл жана Вайолет Гласстоун стипендиаты, Оксфорд университети, Улуу Британия;
  • 2010-жылы – Падышалык коом университетинин изилдөө стипендиясы ыйгарылган;
  • 2012-жылы – Изилдөө тобун түзүү. Учурда курамына бир нече аспиранттар жана магистранттар, ошондой эле докторлук даражасы бар 1 илимий кызматкер кирген жигердүү топ. Алар химия илимдеринин кандидаты Асель Сартбаева менен функционалдык материалдарга байланыштуу бир долбоордун үстүндө иштеп жатышат.

Илимге кошкон салымы

Асель Сартбаева вакциналарды муздаткычсыз сактоонун жана ташуунун инновациялык ыкмасын иштеп чыккан – кремний менен жабуунун жардамы аркылуу энсиликациялоону иштеп чыкты. Ушундайча корголгон вакциналар 100 градуска чейин ысытылганда же 3 жылга чейин сакталганда бузулбайт. Бул технологияны ишке киргизүү вакциналарды сактоого жана ташууга кеткен чыгымдарды алда канча төмөндөтүүгө жардам берет.

Берилген баа

Innovate UK (2016) атынан “Biggest Game Changing Technology” сыйлыгы; Асель Сартбаева жетектеген британиялык окумуштуулар тобунун биотехнология жаатындагы илимий ачылышы үчүн химиялык биотехнология боюнча IChemE Global Awards 2017 сыйлыгы;  Wise World Award 2017  сыйлыгы;  К.Хансон атындагы медалдын ээси, бул медалды Эл аралык экстракциялык химия жана технология комитети ыйгарат (2019);  Every woman in technology awards (2021) сыйлыгын тапшырган британиялык FDM корпорациясынын версиясы боюнча Жылдын аялы болуп табылган;  ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” программасынын элчиси.

Stephen Wells аттуу окумуштуу физикке турмушка чыккан. Эки кыздын бактылуу апасы (улуу кызы Милинда, кичүүсү – Эвелин).

“Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду менен кызматташат. Ал “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси катары өсүп келе жаткан муунга багыт берип келет.

Белгилүү окумуштуу Асель Сартбаева  «Илимдеги кыздар» долбоорунун элчиси болууну убагында сунушташканда, ал  дароо «ооба» деп жооп берген эле.

— Мен төрт жаштагы балдардын сабактарын иштеп чыгуу менен алектенчүмүн. Ар бир баланын жаш курагына жараша сабак өткүм келчү. Анан Кыргызстандын бардык аймактарынагы кыздарга да маалымат жеткире алабызбы, көргүм келди. Эми кыздардын кандай өзгөрүп жатканын көрүп, кубанып жатам. Бул кыздар биздин келечектеги лидерлер, — деди окумуштуу.

Белгилей кетүү керек, ал  профессор Каратай Сартбаевдин небереси, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин кызы.

Сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү