БИЛИМГЕ ДИЛГИР БАЛДАРГА ӨЗ КӨМӨГҮБҮЗДҮ КӨРСӨТӨЛҮ

  • 10.12.2021
  • 0

Биздин мектептин 5-классынын окуучулары — абдан өжөр. Алар койгон максатынан кайтууну билишпейт.

БИЛИМГЕ ДИЛГИР БАЛДАРГА ӨЗ КӨМӨГҮБҮЗДҮ КӨРСӨТӨЛҮ

Жакында кроссворд түзгөндү, аны чечмелөөнү да бат эле өздөштүрүп алышты.
Акылмандардын «Идиректүү адамдан жардамыңды аяба. Ал кийин иш билги болуп чыгат» деп айткан сөзүн эстеп, дилгир, өжөр окуучуларыма «Карта жөнүндө түшүнүк» деген темабызга ылайыктап, ар бир партага бирден карта сатып алып, аны жөн гана парталарга жайгаштырып берип койбостон, окуучулар өтүлгөн терминдерге байланыштуу кроссворд толтурушуп, тигинен «карта» деген сөздү таап, сабактын темасын аташты. Балдар дүйнөлүк картадан Кыргызстанды таап, анын алган ордун белгилеп, коңшулаш мамлекеттердин аталышын түстүү кагаздарга жазып, дептерлерине чаптап чыгышты.

БИЛИМГЕ ДИЛГИР БАЛДАРГА ӨЗ КӨМӨГҮБҮЗДҮ КӨРСӨТӨЛҮ
Конфуций «Мен угам унутуп калам. Мен көрөм эстейм. Мен жасайм түшүнөм»- дегендей, окуучуларым жөнөкөй картадан эң сонун түшүнүк алышты. Сабакта бат кроссворд толтурган Топчубаева Таттыбүбү жана Максүтов Нурасыл, кроссворддон теманы биринчилерден болуп тапкан Мухаметеминова Акылай жана Абылкасымов Нурсултан «Кыргызстандын эмнеси менен сыймыктанасыңар?» деген суроого өз жоопторун беришти. Өзгөчө «Ата-бабаларыбыздын мамлекет кылып сактап бергенине, жана дүйнөлүк картада орду бар экенине сыймыктанам» деп жооп берген Сеадатов Кумар мени абдан кубандырды. Ак жүрөк балдардын жоопторуна кол чаап, сабакты жыйынтыктадык. Эгемен өлкөбүздө илим-билимге суусап турган ушундай дилгир балдар көп болсун!

БИЛИМГЕ ДИЛГИР БАЛДАРГА ӨЗ КӨМӨГҮБҮЗДҮ КӨРСӨТӨЛҮ

Шайлиева Назира, Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинин тарых мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер