БИЛИМГЕ ДА, КЕСИПКЕ ДА ЭЭ БОЛУШАТ

  • 09.06.2023
  • 0

БИЛИМГЕ ДА, КЕСИПКЕ ДА ЭЭ БОЛУШАТ

Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейди быйыл 166 бүтүрүүчү аяктап жатат. Лицейдин эки бүтүрүүчүсү республика боюнча “Алтын тамгага” талапкер болгон 2000 окуучунун арасында мыкты билимин тастыктап “Алтын тамгага” ээ болду.

Мектеп-лицейдин директору Жамал Балбакова аяктап бараткан окуу жылы алар үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун кубануу менен белгиледи.

— 2022-2023-окуу жылында биздин мектеп-лицейде чоң ийгиликтер болду.
Самира Талипова жана Арина Кутумбетова аттуу эки бүтүрүүчүбүз “Алтын тамгага” ээ болушту. Окуткан балдарыбыздын ийгилиги бизге сыймык тартууласа, башка окуучуларга зор мотивация болот экен. Балдарды мотивациялоодо өзгөчө ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин кошкон салымы өтө чоң болууда. Окуучулардын окууларындагы мыкты жетишкендиктерин белгилеп, Токмок шаарынын мэриясы жана ата-энелердин коомдук бирикмеси белектерди жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды. Быйыл үч окуучубуз  “Жылдын мыкты окуучусу” номинациясынататыктуу болду. Алар – “Алтын тамга” ээлери – Самира Талипова менен Арина Кутумбетова жана улуттук олимпиадада үчүнчү орунду ээлеген Антон Куликов, — дейт мектеп-лицейдин директору Жамал Султаналиевна сыймыктанганын жашыра албай.

Мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү толкунданткан да, кооптондурган да тандоо – бул болочок кесипти тандоо болот эмеспи. Арийне, биз сөз кылып жаткан бул мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрүн бул маселе башкаларга караганда азыраак түйшөлтөт. Анткени алар мектептин аттестаты менен бирге, колдоруна кошумча бир кесиптин ээси экенин тастыктаган аттестат алып чыгат.

Артка кылчайсак, Советтер Союзу тарап, башка тармактар сыяктуу эле билим берүү тармагы да көптөгөн кыйынчылыктарга туш келип, окуу түгүл, кара курсактын камын көрүү кыйынга турган оор кырдаалда окуучуларды мектепке тартуу, кыска аралыкта бир кесипке үйрөтүү максатында ал кездеги билим берүү министри раматылык Мукаш Базаркуловдун демилгеси менен Чүй районундагы окуу-өндүрүш комплекси (УПК) жана Токмок шаарындагы Жаштарды окутуу борбору бириктирилип, ушул мектеп-лицей ачылган эле. “Мектептин жаңы тиби” деп аталган лицейде окуучулар аттестат менен кошо тигүүчү, ашпозчу, кеңсе-менеджери, бухучет жана “В, С” категориясындагы айдоочу кесиптерине ээ болуп чыгуусуна шарт түзүлгөн. Лицейди түптөөгө ошол кездеги мектеп-лицейдин директору Р.А.Искандарованын салымы зор болгон.

— Мен бул мектеп-лицейде 2010-жылдан бери директор болуп иштеп келатамын. Бизге адегенде эптеп эле бир кесипке ээ болсом дегендер келчү, анан алар колуна ашпозчу жана тигүүчү деген аттестаты тиер замат Россияга жөнөп кетчү. Мен адегенде ишти эмнеден баштасам деп, баш катырган күндөрүм көп болду. “Кадрлар баарын чечет” деп бекеринен айтылбаса керек, мен биринчи кезекте кадр маселесин чечүүгө бел байладым. Ар бир предметти атайын адис окутушун талап кылдым, анткени бул билим сапатын көтөрүүчү бирден бир күч эле. Бүгүнкү күндө “Мектеп-лицейдин мотору, жүрөгү – ынтымактуу, чыгармачыл, изденген медиасабаттуу 39 мугалим” десем, аша чаппайм. Экинчи маселе – бул балдарды окууга тартуу, кызыктыруу, шыктандыруу болсо, ошол эле учурда күнүмдүк көр оокат менен алпурушуп, балдарынын билимин, тарбиясын экинчи орунга калтырып койгон ата-эненин көңүлүн мектепке буруу эле, — дейт Жамал Балбакова, аткарган иштерине сереп салып.

Бүгүнкү күндө мектеп-лицей Токмок шаары жана Чүй району боюнча заман талабына шайкеш билим берген престиждүү алдыңкы окуу жайлардын бири десек куп жарашат. Быйылкы окуу жылын 166 окуучу аяктап жатканынын өзү эле мыкты көрсөткүч. Мектеп-лицейдин окуучулары райондук, шаардык, облустук эле эмес, республикалык жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүнөн болгону аларга сыймык менен кошо чоң жоопкерчиликти да жүктөйт. Бир эле 2022-2023-окуу жылында окуучулардын эл аралык жана республикалык деңгээлдеги жетишкендиктери мектеп-лицейде эмгектенген педагогикалык жамааттын тынымсыз түйшүгүнүн үзүрү экендиги анык. Мектеп-лицейдин сыймыгы Самира Талипова менен Арина Кутумбетованын “Алтын тамгадан” тышкары да сыйлыктары арбын. Алсак, Арина “Дүйнөгө өз өлкөңдү даңкта” эл аралык сынагында 1-даражадагы дипломго ээ болсо, Самира STEAM олимпиадада 1-орунду багындырды. Мугалимдердин да ийгиликтери окуу жайдын сыймыгына сыймык кошуп келет. КР Улуттук Банкы жыл сайын уюштуруп келаткан “Акча жумалыгы” сынагына активдүү катышкан окуучулар республика боюнча эки жолу байгелүү биринчи орунга жетишип, өздөрүнө керектүү интерактивдүү доска, проектор жана эмеректер менен сыйланды. Бул да болсо математика, информатика предметтерин окуткан мугалимдердин финансылык сабаттуулугу мыкты экендигинен кабар берет. Айтмакчы, информатика мугалими Фарида Машанло Азия өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн видео сабак кароо сынагында 1-орунду ээлегенин да айта кетпесек болбос. Окуучуларды “Алтын тамга” жана ЖРТга сапаттуу даярдаган мугалимдер орус тили жана адабияты мугалимдери Ирина Батутинанын жана Жамал Жаныбекованын, математика боюнча Оксана Бараканованын, тарых сабагы боюнча Татьяна Гомандын жана химия сабагынан даярдаган Жанаркүл Жусупбекованын эбегейсиз зор эмгектерин баса белгилеп кеткибиз келет. Мына ушулардын баары ысымдары чоң тамга менен жазууга татыктуу педагогдордун тынымсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жаралган ийгиликтер экендигин, анын баарынын артында, албетте, мектеп-лицейдин директору, жаратман жана көсөм жетекчи Жамал Балбакова тургандыгы айтпаса да белгилүү.

— 2019-жылдан баштап мектеп-лицейге 8-классты аяктаган окуучуларды кабыл ала баштадык жана ошондой эле айыл мектептерден келген окуучулар үчүн бир кыргыз класс ачтык. Кабинет жетишсиз болгондуктан, шаардык мэрия дагы бир имарат бөлүп берди. Буга чейин кесип боюнча гана окутулуп келсе, бүгүнкү күндө мектеп-лицейдин талабына ылайык профилдик билим берүү кесиптик окутуу менен айкалыштырылып окутулуп, сабактарды кружок жетекчилер өткөрөт. Базистик окуу планындагы компоненттер туура бөлүштүрүлүп, кесиптик окутуунун материалдык базасы практикалык сабак өтүүгө көмөк кошууда. Окуучулар кызыккан кесибинде керектүү предметтерди тереңдетип окушат. Тактап айтсак, популярдуу ашпозчу кесибинде химия, валеология жана туура тамактануу боюнча билим алышат. Окуучулар бир эле тамак жасабастан, ал тамактагы компоненттердин химиялык составы менен таанышып, кандай химиялык реакциялар жүргүзүлөрүн аныктап, анан гана тамак жасоо ыкмаларын үйрөнөт. Кеңсе-менеджери жана бухучет кесибинде экономика, финансылык сабаттуулук окутулат. Бүгүнкү күндө негизги корпуста 8-11-класстын окуучулары (быйыл анда 405 бала бар) 17 талапка ылайык жасалгаланган, ар биринде проектор орнотулган, мугалимде ноутбук бар кабинеттерде жалпы билим берүү предметтерин окуйт. Мектеп-лицейдин багытына ылайык компоненттер табигый жана так илимдерге бөлүштүрүлгөн, тактап айтканда, физика, химия, математика, география, биология сабактары кошумчаланып окутулат, — дейт Жамал Султаналиевна.

Мектеп-лицейдин көптөн бери эңсеп жетпей келаткан кыялы – бул спорт залга жана жыйындар залына ээ болуу. Спорт залы жок болгондуктан, балдар дене тарбия сабагын аянтчада өтүшөт, ал эми күн сууктаганда кабинеттерде спорттун шахмат, шашки, тогуз коргоол сыяктуу оюндарын ойношот. Ага карабастан, окуучулар айрыкча акыркы 5-6 жылдан бери билим сапаты жана спорттук мелдеш жагынан шаардык деңгээлден жогору чыгып, республикалык жана эл аралык кароо-сынактарга жана олимпиадаларга катышып, жогоруда белгиленгендей, мыкты жетишкендиктерди багындырып келишүүдө.

Токмок шаардык мэриясы №11 мектеп-лицейдин тажрыйбасын жайылтуу максатында 2022-2023-окуу жылында аталган окуу жайдын базасында башка мектептин кыздары да тигүүчүлүк кесипке ээ болуусуна шарт түзүп берди. Атап айтканда, шаардагы №5 жана №7 мектептерде тигүүчү машиналар орнотулуп, окуучу кыздар тигүүчүлүк кесипти үйрөнүп жатышат. Бул иште Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү да жакшы колдоо көрсөтүүдө.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер