БИЛИМДИН ЖАРКЫН ЖОЛУНДА
- 24.04.2025
- 0
Билим уясы — адамдын өмүрүндө өчпөс из калтырган ыйык ордо. Ар бир мугалимдин, ар бир бүтүрүүчүнүн жүрөгүндө өз мектеби өзгөчө орунда турат. Бишкек шаарындагы №28 жана №70 мектептери дал ушундай ардактуу жана бай тарыхка ээ билим ордолору. Бул жылы эки мекеменин тең мааракелик даталары белгиленип жатат: улуу мурастын уясы болгон №28 мектепке — 85 жыл, ал эми жаштык деми менен билим берүүнүн заманбап жолун тандаган №70 мектепке — 35 жыл толду. 85 жыл – бул көптөгөн мугалимдердин түйшүктүү эмгеги, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү жолу. 35 жыл – бул жаш, бирок күчтүү муундарды тарбиялаган мектептин жаркын тарыхы. Эми бул эки тарых бир багытта уланууда.
Тарыхты сүйлөткөн 85 жыл
1939-жылы түптөлгөн №28 мектеп — советтик жана эгемендик доорлордун сыноосунан өтүп, билим берүү системасына олуттуу салым кошкон улуу мектептердин бири. Ар бир кыялы бүтүрүүчүнү шыктандырган, ар бир сөзү рух берген устаттары менен бул мектеп кыргыз элинин агартуучулук тарыхында өзүнчө из калтырып, орду бар. Ардактуу мугалимдер, үлгүлүү бүтүрүүчүлөр, салттуу таалим-тарбия, терең билим — булардын бардыгы мектептин түбөлүктүү мурасын түзөт.
Жаңычылдыкка өбөлгө болгон 35 жыл
1990-жылы ачылган №70 мектеп — улуттук билимге болгон жаңычыл мамилени жүзөгө ашырган, жаңы замандын талабына жооп берген мекеме катары таанылып келди. Өзүнүн 35 жылдык тарыхында мектеп замандын талабына ылайык өзгөрүп, технологиялык жана усулдук жактан жаңыланууга багыт алганы менен башкалардан айырмаланды. Ар жыл сайын олимпиадаларда, долбоорлордо жана маданий иш-чараларда ийгиликке жетишкен окуучулар — мугалимдердин талыкпас эмгегинин жемиши, үзүрү. №70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясына 23-апрелде 35 жыл толду. Мектеп имаратынын долбоордук сыйымдуулугу -1260 окуучуга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө бул имаратта 3800дөн ашуун окуучу билим алууда. Окуу үч нөөмөттө жүргүзүлүүдө.
Биригүүдөн жаралган жаңы мүмкүнчүлүктөр
Бүгүнкү күндө бул эки мектеп бирдиктүү билим уясы катары биригип, жалпы максат, жалындуу муун жана бекем ынтымак менен иш алып барууда. Мектептин базасы, мугалимдердин дарамети, бай тажрыйбасы, окуу-тарбиялык багыттар биригип, күчтүү билим берүү чөйрөсү калыптанды. Бул – салт менен жаңычылдыктын табигый синтези, табылгасы. Мектеп жамааты үчүн бул бир гана уюштуруучулук өзгөрүү эмес, келечекке болгон чоң жоопкерчилик. Ал эми 2024-жылдын август айында № 28 мектеп бириктирилген. Ошентип бул мектеп окуучулардын саны боюнча Бишкек шаарындагы эң чоң мектептердин башатында болуп калды. Бүгүнкү күндө мектепте жалпысынан 5044 окуучу билим алууда. Учурда 128 класс –комплектилеринде 185 мугалим сабак берет. Анын ичинен 2 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, 47 мугалим Билим берүүнүн мыктысы, 126сы жаш мугалимдер, адистер.
Устаттарга таазим, бүтүрүүчүлөргө сыймык
Маараке — бул өткөндү эскерип, электен өткөрүү, эмгеги менен таанылгандарга, ардагер агартуучуларга, жалпы жамаатка таазим жана ыраазычылык. Ушул күнү №28 жана №70 мектептеринде эмгектенген бардык мугалимдерге, алардын ичинде көп жылдык эмгеги менен жаш муунду тарбиялаган ардагер устаттарга терең ыраазычылык билдирүү иш-чарасы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда өттү. Эмгек жамаатынын билимге болгон берилгендигин, ар бир окуучу үчүн жүрөгү менен күйгөн инсандык асыл, айкөл мүнөзү, улуттук билим берүүгө кошкон салымдары — тарых барактарында алтын тамгалар менен сакталып калаарын, мааракелик салтанатта Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баса белгилеп, эмгеги менен айырмалаган мугалимдерге министрликтин сыйлыктарын ыйгарды.
Ал эми ушул мектептерден билим алып, өз кесибинде таанылып жүргөн жүздөгөн бүтүрүүчүлөр бүгүн мектептин гана эмес өлкө сыймыгы, алардын ийгиликтери — мугалимдердин эмгегине берилген эң чоң баа экенин Жогорку Кеңешин депутаты Бакыт Тентишев айтып, №70 мектептин бүтүрүүчүсү, Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчинин орун басары Бекжан Илисбеков менен бирге мектеп директору Чолпон Джунушеваны Жогорку Кеңештин медалы менен сыйлап, бир катар мугалимдерге парламенттин Ыраазычылык каттарын тапшырды.
№28 мектептин бүтүрүүчүсү, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, №70 мектептин бүтүрүүчүлөрү Айдай Досалиева менен Идирова Рамина билим алган мектептерин, таалим-тарбия берген мугалимдерине ыраазычылык билдиришип, эмгеги менен таанылган мугалимдерге шаардык кеңештин Ардак грамоталарын тапшырышты.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Айнура Сооронбаева мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдерди Ардак грамота менен сыйлады.
Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жана Биринчи Май райондук билим берүү мекемесинин жетекчилери да мектептерди мааракеси менен куттуктап, бир катар мугалимдерге Ардак грамоталарын ыйгарды.
— Бүгүнкү күн – билим берүү тарыхындагы өзгөчө жана унутулгус күн. Биз эки мектептин – бири 35 жылдык, экинчиси 85 жылдык жол баскан билим ордолорунун биригип, бир чоң үй-бүлөгө айланганын майрамдап жатабыз. Бул – тарых, бул – мурас, бул – келечекке жол ачкан жаңы баскыч. Мектеп уюшулгандан бери эле инновациялык режимде окутуу процессин жүргүзүп келебиз. Жаны технологияларды окуу процессине киргизүү жана мугалимдердин билимин үзгүлтүксүз көтөрүүнүн үстүндө иштөө менен мугалимдер окуучулардын билим сапатын бир топ жогорулата алдык. Мектеп окуучулары стабилдүү түрдө шаардык, республикалык предметтик олимпиадалардан жыл сайын математика, химия, география, биология, чет тили предметтери боюнча байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатат. Ал эми 9- классынын окуучусу Султан Мусаходжаев математика боюнча эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келечегинен көптү үмүттөндүрүүдө. Жыл сайын орточо 3-5 окуучу “Алтын тамга” аттестатын алып келишүүдө. Ал эми ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ар жылы окуучулар 3-7 “Алтын сертификатка” ээ болуунун өзү мектепте окуучулардын билим сапаты стабилдүү экендигин көрсөтөт. Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ боюнча орточо баллы 160 дан өйдө болуп жүрөт. 20-25 окуучу 200 баллдан ашуун көрсөткүчкө жетишүүдө. Бүгүнкү күндө мектептин жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларында билим алып жатышат. Россия, АКШ, Германия, Чехия, Польша, Венгрия, Түркия, Кипр, Англия, Кытай, Канада өлкөлөрүндө окуп билим алышууда,-дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, мектеп директору Чолпон Джунушева.
Мектептин дээрлик бардык класстык бөлмөлөрдө компьютердик техника, ксерокопия, телевизор, диапроектор коюлган. 15 кабинетте электрондук доска коюлган. Табият таануу предметтери боюнча лабораториялар керектүү жабдуулар менен камсыз болгон. STEAM предметтери боюнча көптөгөн окуулар, тренингдер, тажрыйба алмашуулар тынымсыз болуп турат. Илимий иштерге да өзгөчө маани берилет. Ар кандай багыттагы долбоорлор менен да кызыктуу иштер жүргүзүлүп, Жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташтык түзүлгөн. КРСУ, БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ жана башка окуу жайлар менен өз ара кызматташуу окуучуларды келечекте студенттик чөйрөгө адаптация кылып келет.
Мектепте эл аралык байланыштарга да маани берилет. Түштүк Корея Республикасынын элчилигинин колдоосу менен корей тилин үйрөнүү борбору, БМУнун Конфуций институтунун колдоосу менен кытай тилин окутуу ишке ашырылып келет.
Билим сапатына көңүл бурууудан сырткары маданий-тарбиялык иштерге да өзгөчө маани берилген. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жыл бою иштөөчү бассейн бар. Өлкөгө эмгек сиңирген артисти О. Жигулеванын жетекчилиги менен окуучулардын мектеп театры республикалык кароо-сынактарда дайыма байгелүү орун алып жүрүшөт. Мындан тышкары мектептеги “Ак кайың” бий ансамбли, комузчулар ансамбли таанымал. Күрөш, самбо, гимнастика, шахмат боюнча көптөгөн окуучулар республикалык, Эл аралык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда. Мектепти аяктаган көптөгөн бүтүрүүчүлөрүбүз өлкөнүн, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда бардык тармактарда эмгектенип жатышат. Жогорку Кеңешинин депутаты Бакытбек Марипов, КР Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов жана башка ондогон бүтүрүүчүлөр мектептин сыймыгы.
Келечекке болгон ишеним
-Мен №70 мектепти мындан 11 жыл мурда бүтүргөм. Мен үч жогорку окуу жайды аяктап, Москва шаарынан дагы билимимди тереңдетип келгем. Билим жана илимге, турмуш жолуна аттандырган мектебимдин бүгүнкү мугалимдер жамааты күчтүү, келечекке багытталган улуттук билим берүүнүн жаңы моделине, 12 жылдык билим берүүгө ылайык платформасын түптөп, жигердүү иштеп жатканы кубандырат.
Ар бир улуу ийгиликтин артында ак ниет, мээнеткеч жетекчи турат. №70 жалпы орто билим берүү мектебинин директору Джунушева Чолпон Мелсбековна ушул мектеп ачылгандан бери иштеп келаткан билимге берилген, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, мугалимдер менен окуучулардын ар дайым колдоосунда болгон инсан. Эми болсо Чолпон Мелсбековнанын жетекчилиги астында эки мектептин биригиши ийгиликтүү ишке ашып, жаңыча дух менен, жаңы максаттар менен бир үй-бүлөгө айланууда. Ал ар бир мугалимдин ишин баалап, окуучулардын келечеги үчүн үзүрлүү эмгектенип келет. Жаңы идеялардан коркпой, жаңыланууга умтулуп, мектепти заманбап деңгээлге көтөрүүгө тынымсыз аракет кылууда. Бул мектептен дагы далай акылман, мекенчил, билимдүү, жүрөгү таза жаштар тарбияланып чыгарынан ишенем.Тамыры терең, багыты түз, келечеги жарык билим уясы болгон мектебимди, эже-агайларымды мааракеси менен куттуктайм,-дейт Бишкек шаардык кеңештин депутаты Айдай Досалиева.
Мектептин тарыхына, байсалдуу жолуна жана мааракесине арналган ырларын химия, биология сабагынын мугалими, билим берүүнүн мыктысы, белгилүү акын Дүйшөн Батырбеков көркөм окуп берди.
Маараке окуучулардын чыгармачылык концерти, ыр-бийлери менен коштолду.
Маараке белгилеп жаткан эки мектептин биригиши – бул жөн гана уюштуруучулук иш эмес, бул – билимге болгон сүйүүнүн, ынтымак менен өнүгүүгө болгон ишенимдин белгиси. Бул өзгөрүүнүн артында турмуштук тажрыйбасы мол, элге кызмат кылууну өзүнө парз деп билген директордун жана мугалимдер жамаатынын чоң салымы зор.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер