БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

  • 09.11.2022
  • 0

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Гүлчороева Элайым кичинекей кезинен компьютерге кызыгып, IT адиси болом деп кыялданчу. Максатына жетүү үчүн быйыл 9-классты аяктап, Бишкектеги №98 Байланыш жана маалымат техникалык кесиптик лицейине тапшырган. Учурда интернет технологиясы боюнча адистигинде окуп жатат.

Элайым дасыккан IT адиси болуу үчүн лицейди бүтөөрү менен кайрадан орто кесиптик окуу жайына тапшырат. Ал аз убакыттын ичинде  интернет технологиясы боюнча көптү билип, бир топ сырларын үйрөнүп алды.

  • Мага баарынан мугалимдердин өткөн сабактары жагып жатат. Жакшысы — теориялык билимибизди дароо практика менен айкалыштырабыз. Жети ай окуп, үч ай бою республикадагы алдыңкы мекеме, ишканаларга практикага чыгат экенбиз. Буюрса, жакшы окуп, практикага барган жерден иштеп калууга болгон аракетимди жумшайм, — дейт Элайым.

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

№98 лицей Кыргызстан боюнча алдыңкы тажрыйба борбору болуп саналат. Жаңы окуу жылынан тарта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун баштап, график-дизайнер кесиби үчүн жаңы лаборатория, чач тарач курсунда окугандар үчүн атайын салон ачкан. Салондо лицейдин окуучулары теориялык алган билимин практика менен айкалыштырып, ал тургай шаар тургундарына кызмат көрсөтүшөт.

  • Бизде мурун эле салон бар болчу. Ал жакта окуучуларыбыз практикалык көндүмдөрдү алышчу. Ошонун базасында өнөктөшүбүз — “Территория SPA” сулуулук салону менен биргеликте “Шпилька” аттуу салон ачтык. Биздин лицей эки жыл мурун дуалдык билим берүүгө өткөндүктөн эми окуучуларыбыз билим гана албастан, шаар тургундарына кызмат көрсөтүп, акча да таба алышат, — дейт окуу жайдын директору Нурисат Иманкулова.

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

Лицейде сулуулук чөйрөсү  боюнча бир айдан он айга чейинки курстар бар. Бүтүрүүчүлөр экзамендерди көз карандысыз сертификациялоонун элементтерин колдонуу менен тапшырышат. Майрам алдында эки айлык курстан өткөн окуучулардын экзаменди кандай  тапшырып жатканын атайын журналисттер жана коомчулук үчүн уюштурулган пресс турда өз көзүбүз менен көрүп келдик.  Экзаменди өндүрүштөн келген устаттар жана кесиптик лицейлердин мугалимдери алып, окуучулардын билимин планшет аркылуу он критерий боюнча баалашты. Анда  мастердин салонго киргенинен баштап, иш ордун даярдап, кардардын башын жууп, чачын кыркып, кургатканына, техникалык коопсуздукту сакташына чейин  каралды. Эң башкысы экзамен берип жаткан баланын аты-жөнүн экзамен алуучулар билбейт,  алдын ала берилген номер аркылуу гана өз баасын коюп берди. Практикалык экзаменди алуу бир саат 20 мүнөткө созулса, кийинки 20 мүнөттө предметтик баарлашуудан өтүштү.

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

Лицейге келген коноктор компьютердик дизайнер кесиби боюнча жаңы ачылган лаборатория менен дагы таанышты. Бул топтордо окуган окуучулар  жарнама тармагында графика түзүүнү үйрөнүшөт экен. Бул кесип окуу жайда мурдагы жылы ачылып, өткөн окуу жылында алгачкы карлыгачтарын чыгарган. Быйыл  суроо-талап көп болгондуктан эки топ ачылып, окуучулар кызыгуу менен билим алышууда. Алар лицейден эле түрдүү жарнамалык материалдарды даярдап, социалдык тармактарга жайгаштырганды үйрөнүшөт. Бүткөндөн кийин жарнама компанияларда, дизайн студияларда, полиграфия, басмаканаларда иштей алышат.

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙСистемалык администратор, IT коопсуздук боюнча адистигинде окугандар  Cisco тармагынан алынган жабдуулар менен билим алышат. Мугалимдери дагы алдыңкы заманбап техникаларды өздөштүрүү үчүн  дайыма кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат.

Системалык администратор тобунун мастери Турсунбеков Амантур лицейде 2013-жылдан бери эмгектенет. 2018-жылдан 2021-жылга чейин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн Улуттук  коопсуздук кызматынын чек ара кызматында иштеп келген.

  • Биз балдар менен иштей берип теоретик болуп калат экенбиз. Ошондуктан практикага чыгып келейин деп директордун уруксаты менен үч жылга чек ара кызматында иштеп келдим. Азыр дагы ал жак менен байланышым жакшы. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн көбү Коргоо министрлигинин Байланыш башкармалыгында иштеп жатышат. Россияга чейин барып кесиптик чеберчилигимди жогорулатып келгем, — дейт Турсунбеков Амантур.

БИЛИМДИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРГАН ЛИЦЕЙ

Быйыл Кыргызстандын башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү тутуму 80 жылдыгын белгилөөдө. №98 лицей 55 жылдан бери кесиптик-техникалык билим берүү тутумунда өз милдетин белсемдүү аткарып келет. Бул жылдары окуу жай мамлекеттин экономикасын жогорулатуу үчүн миңдеген дасыккан адистерди даярдап берди.  Лицей эл аралык деңгээлде эки этапта: былтыр программалык аккредитациядан, андан кийин институционалдык аккредитациядан өткөн. Бүгүнкү күндө төрт жүздөн ашуун окуучу билим алууда. Кыска мөөнөттүү курстарында видеобайкоо жана сигнализация орнотуу, универсал чач тарач, компьютер ремонттоочу, веб-дизайнер, визажист кесиптерин да үйрөтөт.

2021-2022-окуу жылынын башынан бери ар бир тайпанын өндүрүштүк окуусу иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен дуалдык негизде жүргүзүлүп келет.

Байланыш, почта кызматы, телефонист кесиптерине үйрөтүүнү баштаган окуу жай замандын талабына жараша сулуулук индустриясынан баштап улам жаңыланган заманбап кесиптерге — интернет технология кызматкери, Web-программист, компьютердик дизайнер, веб-дизайнер, IT, санариптешүүгө багыт алып келет. Кыска мөөнөттүү курстарды даярдоодо ОсОО “CRM”, “Nabma soft”, “Maddevs”, “CSS soft”, ОсОО “Акнет”, “Rizer Tehnollegy”, “Интермедия”, “Мегалайн” сыяктуу өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта.

 Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер