БИЛИМДИ БААЛОО: ПЕДАГОГДОР ҮЧҮН СЫНАМЫК ТЕСТИРЛӨӨ
- 21.08.2026
- 0
Бүгүн, 21-августта, Бишкек шаарында Улуттук педагогикалык форум өтүп жатат. Демонстрациялык аянтчада Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти компьютердик тестирлөөнү тааныштырып жатат.

Катышуучулар педагогдор үчүн жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн сынамык тестирлөөдөн өтүп, өз билимдерин текшергенге мүмкүнчүлүк алышты.
Мугалимдер өз предметин тандап, педагогдорду аттестациялоодо берилүүчү тесттердин сынамык вариантынан өтүп, өз билим деңгээлин текшере алышат. Ошондой эле каалоочулар мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин жетекчилик кызматтарына арналган тестирлөөдөн өз күчүн сынай алышат.
Тестирлөө санариптик форматта өткөрүлүп, катышуучуларга тест тапшыруу тартиби менен иш жүзүндө таанышууга жана өздөрүнүн кесиптик даярдык деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк берет.
Г.А., “КБ”