“БИЛИМДҮҮ, МЕКЕНЧИЛ ЖАНА НАМЫСКӨЙ МУУН – ЭГЕМЕНДИГИБИЗДИН КАЛКАНЫ”: ПРЕЗИДЕНТ “АКЫЛМАН” ЛИЦЕЙИН АЧТЫ
- 11.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышып, ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Талас облусунун урматтуу тургундары!
Ардактуу агай-эжелер жана кымбаттуу окуучулар!
Бүгүнкү билим берүүнүн стратегиялык миссиясы жаштарга заманбап билим берүү менен бирге, алардын аң-сезимине кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, ата-бабадан калган асыл нарк-насилди жана терең мекенчилдик сезимди кошо сиңирүү болуп саналат. Билимдүү, мекенчил жана намыскөй муун – биздин эгемендигибиздин эң бекем калканы экенин баса белгилейм.
Азыр глобалдашуу заманында эгемен Кыргызстаныбыздын эң бекем калканы чындыгында эле билимдүү, мекенчил жана намыскөй жаштар экенин эч ким тана албайт.
Мына ошондон улам, билим берүү тармагында дагы бир маанилүү кадам жасап, Талас шаарына “Акылман” лицейин ачып жатабыз. Демек, биз өлкөбүздүн жаркын келечегине эң чоң инвестиция салып жатабыз.
Эгемендик майрамы расмий белгиленип жатканда дагы бир “Акылман” лицейинин ачылышын жакшыга жоруп, жаркын келечекке төлгө кылалы. Бүгүнкү билим уясынын ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Дүйнө өзгөрүп, технологиялар өнүгүп, жасалма интеллекттин доору жүрүп жаткан маалда жер-жерлердиги өзгөчө жөндөмдүү балдарыбызды топтоп, алардын талантын ачуу мезгил талабы!
Мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей дагы өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем.
Бул лицейлерден заманбап билим алуу менен катар улуттук нарк-насил, мекенчилдик жана адамдык бийик сапаттарды айкалыштырган, уюткулуу элибиздин уңгужолун улаган кыргыз жараны, мекенчил уул-кыздары тарбияланып чыгышы керек.
Ардактуу замандаштар!
Бүгүн биз күбө болуп жаткан заманбап билим уясынын курулушу – мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин жыйынтыгы. Дүйнөдө алдынкы өлкөлөр кайсы багытта өнүгүү жолунда экенин талдай билген, замандын күрөө тамырын кармай билген, жаркын келечек үчүн кайдыгер карабай, жаш муундун билим алуусуна жан дили менен колдоо көрсөткөн Абилдаев Болот Ералхановичке терең ыраазычылык билдирем. Билим тармагына болгон салым – мамлекетибиздин эртеңине көрүлгөн эң чоң камкордук болуп саналат.
Мындай иштер коомубузда билимди, эмгекти жана мекенчилдикти баалоо маданиятын бекемдейт.
Кадырлуу агай-эжекелер!
Глобалдашуу доорунда кайсы алдынкы өлкөнү албайлы, өнүгүүнүн башатында креативдүү жаштар жана заманбап илим турат. Ошол эле маалда кыргызстандык жаштар дүйнөнүн булуң-бурчунда популярдуу компанияларда ийгилик жаратып келишет. Мына ошол уул-кыздарыбыз дагы дал ушул сиздердин колуңуздардан таалим алып чыкканына мен толук ишенем. Демек бизде демдүү, күчтүү, шыктуу балдарыбыз да бар, аларды табына келтире таптаган устаттар да бар.
Кудай буюрса 5-10 жылдан кийин дал ушул бардык шарттары менен ачылып жаткан имараттан Ата Мекенибиз көптү үмүттөнгөн, көзү каныккан креативдүү жаштар чыгат. Мындай илгери-үмүт менен сиздердин мойнуңуздарга зор жоопкерчилик жүктөлүп, чоң ишеним артылууда.
Эл күткөн, Ата Журт күткөн үмүт-тилекти орундатууда сиздерге күч-кубат, албан ийгиликтерди каалайм.
Кымбаттуу окуучулар!
Эгемен Кыргызстандын эртеңки ээси силер болушуңар керек. Тарых ар дайым кайталанат. Айкөл Манас атабыздын деми менен Жусуп Баласагындын кеменгерлигин, Махмуд Кашгаринин даанышмандыгын, Чыңгыз Айтматовдун көсөмдүгүн улоо насиби ылайым, силерге буюрсун!
Мына ошол ата-бабалар калтырган улуу мурасты заманбап билим менен айкалыштырып, өз дооруңардын даңазасын чыгаруу – силердин колуңарда. Бүгүнкүдөй шарт, жагдай, менен силер бизден алда канча мыкты болууга милдеттүүсүңөр!
Убакытты, мүмкүнчүлүктү баалагыла, көп окугула, көп изденгиле, саргара жортуп, илимдин сырларын терең үйрөнгүлө. Келечекте дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын тааныта турган эр-азамат уул-кыздардан болуп чыгышыңарга тилектешмин!
Урматтуу замандаштар!
Бүгүн “Акылман” лицейи менен катар жалпы республика аймагында социалдык обьектилер ишке берилгени турат. Өзүңүздөргө жакшы маалым ар жыл сайын 100дөн социалдык обьекти, 100дөн өнөр жай обьекти ачууну салт кылып келатабыз. Саналуу мүнөттөрдөн соң биз турган билим уясы менен катар 105 социалдык маанидеги мекеме онлайн ачылат.
Элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга: тегиз билим алууга, татыктуу тарбия берүүгө, саламаттыкты чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, дүйнө тааным, аң-сезимибизди көтөрүүгө, маданиятыбыздын деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорлор Эгемендигибиздин 35 жылдыгына белек болуп калмакчы.
Ал эми “Акылман” президенттик лицейи чыныгы билим уясына айлансын!
Дагы бир нерсени айта кетейин. Ушул жерде отурган аталган мектепте окуган балдардын ата-энелери, балдар-кыздарыбыз көңүлүңөрдү башка жакка бурбастан, баягы окууну бүтүп келгенден кийин «мен кайсы жерге жумушка орношом?» деп сарсанаа болбостон, сиздер илим изилдегиле, билим алгыла, инженердик кызматтарды, “мамлекетке жаңы-жаңы технологияларды кантип таап келишим керек” дегенди ушул күндөн баштап ойлоно берсеңиздер болот.
Сиздер ушу мектепти бүтүп чыгып, жогорку окуу жайды бүтүп келгенден кийин, бир мүнөт токтобой мамлекеттик кызмат даяр. Кыз болобу, эркек болобу, кайсыл кесип болобу, биз ошол ушу мектепти бүтүп, анан жогорку окуу жайды бүтүп келген балдарды дароо мамлекеттик кызматка алабыз. Ал боюнча бүгүнкү күндө мыйзам күчүнө кирип, даяр турат.
Жаңы Кыргызстанга экономика, билим, маданият жана адеп-адеп ахлак жаатында алдыга сүрө турган дүйнө таанымы менен, дүйнө таанымы кенен атуулдар керек бизге. Бул жерден кыргыз элинин сыймыгы боло турган, заман талабына ылайык окумуштуулар, инженерлер, мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер көп чыксын. Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кең, келечек муундарыбыздын жолу ачык болсун!
Жаңы Кыргызстанга экономика, билим, маданият жана адеп-ахлак жаатында алдыга сүйрөй турган дүйнө таанымы кенен атуулдар керек! Бул жерден кыргыз элинин сыймыгы боло турган, заман талабына ылайык окумуштуулар, инженерлер, мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер көп чыксын!
Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кең, келечек муундарыбыздын жолу байсалдуу болсун!”