БИЛИМДҮҮЛӨРДҮН ЖОЛУ АЧЫК

  • 14.03.2019
  • 0

Предметтик олимпиаданын 3-этабы Баткен облусунда жаңы жобонун негизинде Облустук билим берүү усулдук борбору, Билимди баалоо жана улуттук тест жүргүзүү борборлору тарабынан өткөрүлдү. Окуучулар жана мугалимдер Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицейинин жатаканасына жайгашты.

БИЛИМДҮҮЛӨРДҮН ЖОЛУ АЧЫК

Лейлектеги К.Казыев орто мектебинин директорунун орун басары Жеңишбек Абдиназаровдун берген маалыматына таянсак, 11-март күнү облус аймагынан келген олимпиада катышуучулары катоодон өтүштү.

  • 12-март күнү 1-тур ар бир предметтен практикалык тапшырмалар менен коштолду. 13-март күнү 2-турда теориялык жана жазма иштери боюнча билимин сынашты. «Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы» демекчи, кайсыдыр бир окуучу үчүн жарык тийсе, кайсыдыр бир окуучу үчүн дүйнө караңгылады. Анткени олимпиада курч мүнөздө өткөндүктөнбү, өлүмпиада деп атоого да негиз бар, сыягы. Эки күндүк билим таймашында зээндүү, билимдүү окуучуларга ийгилик жылоолоду. Ошонун катарында Лейлек районунун жыйынтыгы да көңүл жубатарлык. Облус боюнча командалык эсепте Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынан кийинки 3-сапка Лейлек району чыга алды. Ал эми райондор арасында ал сап башында, — дейт Ж.Абдиназаров.
  • БИЛИМДҮҮЛӨРДҮН ЖОЛУ АЧЫК

Республикалык турга жолдомо алган окуучуларга 1-2-даражадагы диплом жана 20%дык жеңилдик менен АЛА-ТОО АТАТҮРК университетине сертификат  берилди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер