“БИЛИМДҮҮ КЫРГЫЗСТАН” УЛУТТУК ДЕМИЛГЕСИ ТҮЗҮЛДҮ 

  • 28.02.2023
  • 0

“БИЛИМДҮҮ КЫРГЫЗСТАН” УЛУТТУК ДЕМИЛГЕСИ ТҮЗҮЛДҮ 

Кыргызстандагы сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жарандардын жана бул тармактагы уюм-мекемелердин биримдигин бекемдей турган “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси түзүлдү. 

“БИЛИМДҮҮ КЫРГЫЗСТАН” УЛУТТУК ДЕМИЛГЕСИ ТҮЗҮЛДҮ 

Бул демилге ыктыярдуу, эч кандай каттоо талап кылынбаган жана жарандар менен уюм-мекемелерден турат. Биригүүдөгү башкы максат — Кыргызстандагы ар бир жаранга сапаттуу билим берүүнү жеткиликтүү кылуу.

Жашаган жерине, жаш курагына, саламаттыгына, этникалык тегине, жынысына, ишенимине карабай, Кыргызстандагы ар бир адам үчүн сапаттуу билим жеткиликтүү болуш керек деп эсептешет түзүүчүлөр.

Демилгени белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү тармагындагы адистер жана илимпоздор колдоого алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер