БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ – АДАМДЫН ӨНҮГҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРИ

  • 07.02.2025
  • 0

 Мектептеги зордук-зомбулук, рэкетчилик, кылмыштуулук жана массалык мушташууларды алдын алуу максатында Токтогул районундагы Бекназар орто мектептин ИДН кызматкери Чормонов Улукбек жана уюштуруучу Субаналиева Миргүл тарабынан жогорку класстардын окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ – АДАМДЫН ӨНҮГҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРИ

Субаналиева Миргүлдүн айтымында,  билим жана тарбия – адамдын өнүгүшүнүн негизги элементтери.

— Билим – бул адамдын дүйнөнү түшүнүүсү, ойлоно билүүсү, туура чечимдерди кабыл алуусу үчүн керек болгон маалымат. Ал адамдын аң-сезимин кеңейтет, жашоосундагы маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет. Билим адамды чыгармачыл, акылдуу жана жоопкерчиликтүү кылат. Тарбия болсо, адамдын моралдык жана этикалык жактан жетилишине көмөкчү болот. Ал адамды жакшы жаран, адилеттүү жана боорукер кылып тарбиялайт. Тарбия – бул билимден тышкары, адамдын жүрүм-турумун, маданиятын, коомдук жана жеке жашоосундагы баалуулуктарды түптөөчү процесс. Билим жана тарбия бирге иштешсе гана, адам толук кандуу өнүгүп, өзүнүн потенциалын ачууну баштайт. Билим инсанга дүйнөнү кантип түшүнүүнү үйрөтсө, тарбия аны кантип туура жашоону, башкаларга жакшылык кылууну үйрөтөт. Тарбия аркылуу адам өзүнүн билимдерин турмушта колдонуп, коомго, үй-бүлөсүнө, тааныштарына пайдалуу боло алат, — дейт уюштуруучу.

Ошондуктан, билим менен тарбияны теңдештирип, ар тараптуу өнүгүүгө умтулушу керек. Тек гана билим алууга эмес, адамдык сапаттарды, жоопкерчиликти, адеп-ахлакты да өркүндөтүүгө маани берүү керек.

БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ – АДАМДЫН ӨНҮГҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРИ

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер