БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ — ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

  • 23.08.2022
  • 0

23-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Жаңы чакырыктар — жаңы бийиктиктер» деген ураандын алдында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда республикалык август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү.

Алдыдагы окуу жылында аткарылуучу иштер, милдеттер тууралуу кенен сөз болгон жыйында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мазмундуу доклад жасады. Ал Кыргызстан жакынкы жылдары билим берүү системасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына кирүүгө ниеттенгенин билдирди.

«Билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн локомотиви боло алат» — деп айтты Акылбек Жапаров.

Ал өз докладында балдардын, өспүрүмдөрдүн кызыкчылыктарын урматтоо, зомбулуксуз тарбия, билим берүүнүн экосистемасын түзүү — улуулардын, ата-энелердин, тарбиячылардын милдети экенин белгиледи.

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ - ӨНҮГҮҮНҮН БАШАТЫ

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев келерки 2023-2024-окуу жылдан 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталарын, буга байланыштуу жаңы билим берүү стандарттары иштелип чыкканын, электрондук билим берүү көңүл борборунда болорун, электрондук мектеп иштей баштаарын, жан башына каржылоо кайрадан колго алынып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда ваучер системасына кайтып баруу зарылдыгын өз сөзүндө айтып өттү.

-Биз конкурстук негизде мектеп директорлорун тандай баштадык. Эмки кезек бала бакча директорлорунда. Андан кийин кесиптик лицейлердин жетекчилерин конкурстук негизде тандай баштайбыз, — деди министр.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер