Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги: бир кылымдын жолу

  • 21.08.2025
  • 0

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги: бир кылымдын жолуКыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги өзүнүн 100 жылдык мааракесин касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде белгилеп жатат. 

«Чайка Ресорт» пансионатындагы эл аралык форумга Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан,Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген делегациялар да катышууда.

Мааракелик салтанатка Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, кесиптик бирдик кыймылынын ардагерлери, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана активисттери да келген.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги: бир кылымдын жолу

Форумдун программасына пленардык жыйындар, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Түркиянын кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташуу боюнча меморандумдарды кол коюу, тематикалык тегерек столдор, тажрыйба алмашуу каралган.

Форумдун максаттары жана милдеттери

  •  Билим жана илим тармагындагы эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын чыңдоо.
  • Билим берүү кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү.
  • Кесиптик өсүү, квалификацияны жогорулатуу жана социалдык коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү.
  • 100 жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу жана келечектеги стратегиялык багыттарды аныктоо.

Кесиптик бирликтин тарыхы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 1925-жылы негизделген жана бүтүндөй бир кылым бою мугалимдердин, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жана илимий кызматкерлердин укуктарын ишенимдүү коргоп келет.

Өзүнүн тарыхында миңдеген мугалимдерди жана илимпоздорду татаал тарыхый учурларда бириктирип, алардын кызыкчылыктарын коргоп, эмгек шарттарын жакшырта алган уюм болуп таанылган.

Бүгүнкү күндө бул заманбап, динамикалуу жана беделдүү түзүм болуп, ондогон миңдеген мүчөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоп, билим берүү саясатын жана социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгууга активдүү катышууда.

«Бул жөн гана дата эмес, бул биздин биримдигибиздин, туруктуулугубуздун жана ишибизге берилгендигибиздин символу. Кыргызстандын билим жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Салттарыбызга бекем туруп, жаңы бийиктиктерди багындырууга биргелешип жетебиз деп ишенем»,-дейт Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Нурматов Рустам.

Азыркы учурда республика боюнча 3 997 баштапкы кесиптик бирлик уюмдары иш алып барат, жалпы мүчөлөрдүн саны 170 579 адамды түзөт, алардын ичинен 13 656 — студенттер жана окуучулар кесиптик бирлик кыймылына тартылган. Натыйжада республика боюнча кесиптик бирликке жалпы 184 235 мүчө кирет.

Бүгүн кесиптик бирлик түрк тилдүү өлкөлөр жана КМШ өлкөлөрү менен эл аралык мамилелерди активдүү өнүктүрүүдө, ошондой эле жыл сайын миңдеген арыз ээлеринин укуктарын коргойт.

Келечекте кесиптик бирлик өзүн билим берүү кызматкерлерин бириктирген, колдогон жана өнүктүргөн борбор катары көрөт жана ар бир мүчөгө татыктуу эмгек жана жашоо шарттарын камсыз кылууну максат кылат.

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги өлкө боюнча миңдеген мугалимдерди, бала бакча кызматкерлерин, мектеп, колледж жана ЖОЖ окутуучуларын, илимий кызматкерлерди бириктирип, укуктук, социалдык жана маалыматтык колдоо көрсөтүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер