БИЛИМ УЯСЫ (ТОРУ-АЙГЫР ОРТО МЕКТЕБИНЕ 100 ЖЫЛ)
- 29.09.2023
- 0
“…Арманым баштан ашынат,
Качан көзүм ачылат?
Ордуна жетип оюмдун,
От ф качан басылат?
Москва, Ташкент ураанын,
Мыкты деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын?”
Мукай Элебаев
(Зарыгам)
Сабатсыздыкты жоюу саясаты
Жаңыдан түзүлүп жаткан Совет Өкмөтү жер-жерлерде большевиктер партиясынын саясатын карапайым элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Алардын негизгилеринин бири билимдүү улуттук адистердин жоктугу болгон. Айылда жашаган калктын көпчүлүгү жазганды жана окуганды билишкен эмес. Мында ушундай шартты эске алып, Түркстан Коммунисттик партиясынын 1919-жылы июнда өткөргөн III съезддин күн тартибинде жер-жерлерде мектептерди, клубдарды, китепканаларды ачууну, калк арасында Совет Өкмөтүнүн түпкү максатын түшүндүрүүчү үгүт иштерин жүргүзүүнү уюштуруучу, көзөмөлдөөчү маданий-агартуу бөлүмдөрүн түзүүнү партиялык уюмдарга тапшырган.
Натыйжада, Түркстан Коммунисттик партиясынын III съездинин чечимине ылайык, 1919-жылдын ноябрынан баштап Кыргызстандын уезддик партиялык комитеттеринин алдында маданий-агартуу бөлүмдөрү ачылган. Жаңыдан ачылган бөлүм өзүнүн иш-аракеттерин кээ бир айылдарда кызыл боз үйлөрдү, көчмө китепканаларды, сабатсыздыкты жоюучу башталгыч мектептерди ачуудан башташкан.
Ошол мезгилде кыргыз коомчулугунун алдында айылдарда эне тилинде улан-кыздарды окутуучу башталгыч мектептерди уюштуруу, кыргыз тилинде окуу китептерди жазуу, ал мектептерде окуучуларга билим берүүчү мугалимдерди даярдоо сыяктуу жооптуу, бирок тез арада чечүүчү зарыл маселе катары көңүлдүн борборунда турган.
Каракол кантонунун эл агартуучу бөлүмү Ысык-Көл аймагындагы мүмкүнчүлүгү бар айылдарында башталгыч мектептерди ачуу аркылуу элдин сабатсыздыгын жоюу маселесин көтөргөн. Ысык-Көл дубандык мамлекеттик архивинде сакталган документте: “В селе Тору-Айгыре в 1919 году образована начальная школа и называлась Тору-Айгырская начальная школа. Первыми учителями были Сарыбаев К., Үкүбаев Н., Шеримкулов К. (Ысык-Көл дубандык мамлекеттик архиви ф.24. оп.д. 1-27) -деп жазылган.
Архивдеги документтин чындыгын далилдеп кыргыз элинин алгачкы драматургу Молдогазы Токобаев өзүнүн билим алган күндөрүн мындайча эскерет: “1919-жылдын күз айы. Кытайдан тирүү калып, качып келген тору-айгырлыктар көлдүн жээгиндеги Кызыл токойдун четине бир нече боз үй тигип, колдо болгон малдарды чогултуп, кышка даярдык көрө баштады. Жашоо оор болгонуна карабай, 9-19 жаштагы балдарды бир боз үйгө чогултуп, Алма-Атадан үч айлык мугалимдер курсун бүтүп келген Наамат Үкүбаев деген мугалим бизди окутууга киришти. Арабча жазылган 4-5 «Алиппе» балдардын баарына жетпейт. Кагаз дагы ченемдүү. Куштардын түшүп калган канатын учтап, бөрү карагаттан, чөптөрдөн же жошодон сыя жасап, жазууну үйрөнүүгө аракет жасаганбыз».
Бирок алгачкы уюшулган сабатсыздыкты жоюу мектеби бир, эки, үч жылга чейин боз үйлөрдө беш-алты ай гана окуй турган жай болгон. Академик Иса Ахунбаевдин эскерүүсү боюнча: 1921-1922-окуу жылы мурдагы мечит-медресенин имаратын мектепке берүү маселесине Пишпек, Каракол, Балыкчыдан келген элге билим берүү тармагындагы жетекчилер, айыл аксакалдар жана айылдык кеңештин төрагасы менен чогуу кеңешип чечишкен. Бул мектепте кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын эң мыкты өкүлдөрү билим алышкан: Кыргыз элинин эң биринчи драматургу «Кайгылуу Какейдин» (1928-ж.) автору Молдогазы Токобаев, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын биринчи президенти (1954-1961-жж.), медицина илимдеринин доктору, академик, улуттук хирургиянын атасы, профессор Иса Ахунбаев, тамак-аш өнөр жайынын министри (1954-1952-жж.) Хасан Булатов, кыргыздын биринчи илимпоз геологу Абдылда Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин биринчи орун басары Абдрахман Булатов, академик Сатар Илясов, тил илимдеринин доктору, профессор Токтосун Акматов, тарых илимдеринин доктору, профессор Бүбүкан Чыймыловалар билим алышкан.
Тарых мугалими Усуп агайдын кол жазмаларында кийинки жылдары айыл четинде жайгашкан төрт бөлмөлүү Александр Самсоновдун (Сайынке) үйүн [1935-жылдан 1942-жылга чейин] мектеп катары пайдаланышканы тууралуу маалыматтар бар. Караколдогу архивдин берген маалым катында Тору-Айгырдагы башталгыч мектеп 1942-жылы жети жылдык мектеп болуп уюштурулуп, анда 150 окуучу окуган.
Комментарийлер