БИЛИМ ТАЙМАШТА ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 11.12.2019
  • 0

10-декабрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн «Билге» республикалык билим таймашында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун командасы 2-орунду жеңип алды.

БИЛИМ ТАЙМАШТА ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Болочоктогу тарыхчылардын башын бириктирген бул таймаш кыргыз элинин алгачкы жетекчилеринин бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата уюштурулду. Анда студенттер буга чейин алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү менен өз командаларынын намысын коргошту.

Оюндун жыйынтыгында жалпы 25 команданын ичинен ОГПИнин студенттик командасы байгелүү II орунду камсыздап, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер