БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА АРНАЛГАН АКЦИЯЛАР

  • 12.04.2021
  • 0

Коомчулукту мектептик билим берүү секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу максатында Билим берүү жана илим министрлиги биринчи айым Айгүл Жапарованын «Үмүт булагы» кайрымдуулук фонду менен биргеликте “Мектеп — биздин жашыл үй” деп аталган акциясын жарыялады.

Акция мектеп чөйрөсүн жакшыртууга, жашылдандырууга, спорт аянтчаларын курууга жана окуучуларды тазалыкка, тартипке үндөөгө багытталат. Акцияда 1-2-3-орундарды ээлегендерге жакшы сыйлыктар каралды. Биринчи тогуз орунду алгандардын жетекчилерин алыскы өлкөлөргө, экинчи орунду алгандарды жакынкы өлкөлөргө, үчүнчүнү алгандарды коңшу  мамлекеттерге билим сапарына жөнөтүү пландалууда.

  • Билим берүү Кыргызстандын бюджетинин эң көп пайызын алган тармак. Бирок биз бүгүн билим берүү тармагындагы кээ бир элементардык маселелерди чече албай келебиз. Ошондуктан ата-энелердин, коомчулуктун жардамына муктажбыз. Ушул маселени чечүү максатында министрлик  эки чоң багытта иш алып барууну туура деп чечти. Биринчиси, мугалимдин статусун көтөрүү, экинчиси, коомчулуктун колдоосун билим берүүгө тартуу. Коомчулукту, бизнес өкүлдөрүн, ата-энелерди, жалпы эл аралык донорлорду бул демилгебизди колдоого активдүү катышууга чакырабыз. Үч жылга үч чоң акция жарыялап жатабыз, — дейт министр Алмазбек Бейшеналиев.

Экинчи акция мектептерди компьютер менен камсыздоого багытталат. Кыргызстанда 2283 мектеп бар болсо, анын 135 менчик. 1200 мектепти 2021-2022-жылдары Дүйнөлүк Банк жабдып берүү убадасын берген. Калган 952 мектеп компьютерге абдан муктаж.

  • Компьютер менен жабдууда чет мамлекеттерди же башка донорлорду күтпөстөн, өзүбүздүн коомчулукка, элчиликтерге, донорлорго, бизнес өкүлдөрүнө, ата-энелерге атайын кайрылып, ушундай акция жарыялап жатабыз. Кимдин колунан канча келсе ошону берсе болот. Эгерде биз он миң компьютер чогулта турган болсок, орто эсеп менен бир мектепте он, он экиден компьютер коюлат. Андыктан баардык кайдыгер эмес жарандарды ушул акцияны колдоого чакырабыз. Кайрымдуулук кылам деген ар бир жаранга, ар бир мекемеге, ар бир өлкөгө биздин эшигибиз ар дайым ачык, — дейт министр.

Ушуга окшогон акциялар 2022-2023-жылдары да  уланат. 2022-жылда өтө турган акция китеп көйгөйүн чечүүгө багытталат. Андан кийинкиси табигый илимдердин — химия, физика, биология жана IT тармагынын лабораторияларын чыңдоого арналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер