БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТҮЗҮЛДҮ

  • 28.11.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым  укуктуу  өкүлчүлүгү Нарын  облустук   усулдук билим берүү борбору менен биргеликте  2024-2025-окуу жылына карата жалпы орто билим берүүчү орто мектептердин окуучуларынын билим сапатын көтөрүү максатында   “Жол картасы”   түзүлгөн. 

БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТҮЗҮЛДҮБИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТҮЗҮЛДҮ

Маалыматка ылайык, “Жол картанын” негизинде Нарын облустук усулдук билим берүү борбору  Ат-Башы районунун бардык мектептеринде жеринен мониторинг  жүргүзүп, мугалимдерге, мектеп администрациясына усулдук жардам  көрсөтүлүп, жыйынтыгында ар бир мектепте педагогикалык кеңештер өткөрүлүп,  талкууланды.  Ошону менен катар жаңы окуу жылына карата билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын жүргүзүп жаткан программаларын ишке ашыруу максатында  “Алтын Казык” программасы, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, STEAM, PISA-2025  эл аралык сынактарга катышуу боюнча маалыматтар берилип, суроолор  уюштурулду.

БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ЖОЛ КАРТАСЫ ТҮЗҮЛДҮ

— 2024-жылдын 27-ноябрында Ат-Башы районунун жалпы орто билим берүүчү мектептеринин директорлору, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, STEAM предметтеринин мугалимдери катышкан Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун  методикалык кеңешмеси болуп, анда жетишкендиктер жана айрым сунуштар  кеңири талкууланып,  окуу-тарбия иштерин жакшыртуу “Алтын Казык” программаларынын талаптарын аткаруу боюнча  чечимдер кабыл алынды, — дейт С.Эмилбек уулу.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер