БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРГАН САНАРИП КАДАМ: КҮНТУУ МЕКТЕПТЕРИНЕ АКЫЛДУУ ДОСКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 05.11.2026

Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин санариптештирүүгө багытталган кубанычтуу иш-чара өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев жумушчу иш сапары менен аймакка келип, Дооронбеков, Рахманов жана Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектептеринин абалы, окуу процесси жана жаш муундардын билим алуу шарттары менен жеринде таанышты. Жолугушуунун алкагында эл өкүлү окуучулар жана мугалимдер жамааты менен баарлашып, жаштарга ак батасын жана жылуу каалоо-тилектерин арнады. БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРГАН САНАРИП КАДАМ: КҮНТУУ МЕКТЕПТЕРИНЕ АКЫЛДУУ ДОСКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Иш сапардын башкы жаңылыгы — заманбап билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана санариптик технологияларды окутуу тажрыйбасына кеңири киргизүү максатында ар бир билим уясына, анын ичинде Гүлсина Капарова атындагы мектепке заманбап үлгүдөгү акылдуу доскалар (смарт-доска) белекке тапшырылды. БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРГАН САНАРИП КАДАМ: КҮНТУУ МЕКТЕПТЕРИНЕ АКЫЛДУУ ДОСКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Гүлсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Айдай Джолчубекова бул кадамды келечекке жасалган зор инвестиция катары баалап: «Бүгүнкү сапар биздин жамаат, окуучулар жана ата-энелер үчүн чоң дем берген кубаныч болду. Заманбап дүйнөдө билим берүүнү санариптик каражаттарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Эл өкүлү Эдита Каныбековна белек кылган акылдуу доска окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, интерактивдүү усулдарды колдонууга чоң өбөлгө түзөт. Жаш муундардын келечегине кайдыгер карабай колдоо көрсөткөн депутатыбызга, демилгеге дем берген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Джолдошбековичке жана иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, ар дайым көмөктөшүп келе жаткан айыл өкмөт башчыбыз Мирбек Болокбаевичке терең ыраазычылык билдиребиз», — деп белгиледи. БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРГАН САНАРИП КАДАМ: КҮНТУУ МЕКТЕПТЕРИНЕ АКЫЛДУУ ДОСКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Өз кезегинде аталган мектептин орус тили жана адабияты мугалими Бакыт Турсуналиев жаңы технологиянын педагогикалык натыйжалуулугуна токтолду: «Акылдуу досканын келиши мугалимдер үчүн чоң жеңилдик жана мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү окуучулар визуалдык жана санарип маалыматты тез өздөштүрүшөт. Эми сабакты жөн гана оозеки түшүндүрбөстөн, 3D моделдерди, интерактивдүү тапшырмаларды жана видеоматериалдарды сабак учурунда дароо колдоно алабыз. Бул окуучулардын жигердүүлүгүн арттырып, теманы терең түшүнүүсүнө көмөктөшөт». БИЛИМ САПАТЫН АРТТЫРГАН САНАРИП КАДАМ: КҮНТУУ МЕКТЕПТЕРИНЕ АКЫЛДУУ ДОСКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Айыл мектептерине тапшырылган бул интерактивдүү каражаттар сабактардын сапатын арттырып, билим берүүдөгү санариптештирүүнү жаңы баскычка көтөрөт.

Бөлүшүү