БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

  • 10.09.2021
  • 0

10-сентябрда Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплексинде бала бакчалардагы бөбөктөрдүн билим сапатын жогорулатуу маселесин талкууга алган маанилүү жыйын өтүп, анын ишине борборубуздун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баардык жетекчилери катышты.

БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

Жыйында шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г. В. Безродняя шаардагы мектепке чейинки мекемелелердин 2020-2021 – окуу жылындагы жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги, РЦОнун жетектөөчү адиси Урматов Д.У. бала бакчаларда балдарга сапаттуу билим-тарбия берүүнү камсыздоо, №43 бала бакчанын директору М.К. Уркумбаева бөбөктөрдү тарбиялоодогу көп тилдүү билим берүү, №172 бала бакчанын директору Г.Ж.Чуулдакова бала бакчанын мектеп менен тыгыз байланышы, С.В. Михайлова музыкалык тарбиянын билим сапатын жогорулатуудагы орду, И. Арабаев атындагы университетинен Д.Э. Дунганова  инклюзивдик билим берүүнүн мааниси тууралуу баяндама жасады.

Шаардагы бала бакчалардагы билим сапатын талкууга алган жыйынды шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г. В. Безродняя алып барды. Жыйын катышуучуларынын суроолоруна Билим берүү жана илим минситрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. А. Касымова ынанымдуу жоопторду берди.

БИЛИМ САПАТЫ – БАШКЫ МАСЕЛЕ

Жыйындын аягында чогулуштун резолюциясы кабыл алынды.

А.Алибеков, “Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер