БИЛИМ МИНИСТРИ КАРАКОЛДО
- 19.08.2021
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов менен И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин педагогикалык жамаатынын жолугушуусу болду.
Жолугушууда Болотбек Дүйшекович окуу жайдын корпустарынын абалы менен таанышып, директор Саламат Усенбаевич тарабынан окуу жайдын тарыхы, сыймыктуу бүтүрүүчүлөр, бүгүнкү күнгө карата пландар, маселелер жөнүндө маалымат берилди.
Министр өз сөзүндө окуу жайдын билим берүү тармагындагы ордун баса белгилеп, ар тараптан жардам берүүнү убадалады.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер