“БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 04.12.2019
  • 0

2-декабрда Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин түзүлгөнүнүн жети жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

“БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Салтанатта “Билим” лицейинин жумалыгынын алкагында өткөрүлгөн спорттук таймаштардын, маданий кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө, лицейдин түптөлүшүнө салым кошкон мугалимдерге, колдоо көрсөткөн ата-энелерге дипломдор, ыраазычылык баракчалар тапшырылды.  Жумалыктан алкагында уюштурулган кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге ОшМУнун жалпы мектеп гимназияларынан сырткары “Жетиген” мектеп-лицейинин мугалимдери, окуучулары да активдүү катышышты.

“БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Келген конокторго таланттуу окуучулар тарабынан сахналык көрүнүштөр  коюлуп, чакан концерттик программа тартууланды.

Куттуктоо сөзүндө ОшМУнун ректору К.Кожобеков:
“Улуттук нарк-насилди сактап, заманбап билим менен айкалышкан “Билим” лицейинин  ачылганына аз убакыт болсо да, ЖРТдан, олимпиадалардан алдыңкы орундарды камсыздап келүүдө. Бул да болсо эртеңки күнгө чоң үмүт, изги тилек деп билем. Учурда түштүк аймагы боюнча жети мектеп-гимназиябыз бар болсо, буюрса, республика боюнча дагы кулачын жаят деп ишенем. Бул ийгиликтерди жаратууда жамааттын ынтымагы, бекемдиги негизги күч десем болот. Жакынкы күндөрү лицейдин жаңы имаратын курууга киришебиз”, — деп билдирди.

Белгилей кетсек, «Билим»  лицейи ОшМУнун мурдагы ректору, азыркы Билим берүү жана илим министри К.Исаковдун жеке демилгеси менен 2012-2013-окуу жылында ачылган. Алгач лицейди п.и.к. Кыялбек Акматов жетектеген. Учурда 8-9-10-11-класста жалпы 200гө чукул окуучу билим алат.

Лицейдин бүтүрүүчүлөрү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча Акназар Амиракулов 219 балл менен «Алтын» сертификаттын ээси болсо, Эрлан Жээнбеков 217 балл алып региондогу эң алдынкы окуучу болгону үчүн өлкө башчынын сыйлыгына татыган. Ал эми Мэриниса Жумаева кызыл аттестаттын ээси болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер