“БИЛИМ КЕРБЕНИ” ДОЛБООРУ АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА

  • 29.01.2020
  • 0

Ат-Башы районундагы  Ой-Терскен, А.Чортеков, К.Мамбеталиев, Жаналы уулу Абдракман, А.Табылдиев атындагы орто мектептеринде мотивациялык жолугушуу уюштурулду.

“БИЛИМ КЕРБЕНИ” ДОЛБООРУ АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА

А.Чортеков мектебинин директору Мирбек Муталиповдун маалыматына караганда, ата-энелер үчүн спикер Мамбетасан Ибраев агай балага тарбия берүү, мугалим — ата-эне — окуучу ортосундагы мамиле жана бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон интернет тууралуу сүйлөдү.

Окуучулар үчүн атайын спикерлер Ниязбеков Талант жана Мөндүрбаев Кошой агайлар билим, кесипке туура багыт берүү, ыйман, адеп тууралуу лекция окушту. Жолугушуунун жүрүшүндө алгач лекциялар, андан кийин суроо-жооптор орун алды.

Долбоор — өлкө аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган.

Долбоордун максаты — өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү. Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат.

Долбоордун өзгөчөлүгү — китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы оорунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилет.

  • Ардактуу ар бир кыргыздын келечеги! Өлкөбүздүн келечеги өзүбүздүн колдо, андыктан мүмкүнчүлүк бар кезде өлкөгө кызмат кылууга белсенели! Бүгүнкү билимдүү алтын муунга кылынган инвестиция, эртеңки келечек! «Билим Кербени» сиздин айылга багыт алды! Күтүңүз! – дейт директордун маалыматында.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер