БИЛИМ — КАРЫБАС, ӨНӨР — АРЫБАС!
- 03.04.2023
- 0
Бостери айыл аймагына караштуу Бактуу—Долоноту айылында жайгашкан №85 кесиптик лицейинде окуп билим алган окуучу балдар жана кыздардын билим деңгээлин баалоо максатында квалификациялык экзамен болуп өттү.
№85 кесиптик лицейинин филиалынын башчысы Майрамкүл Атаеванын айтымында, аталган иш-чарага Ысык-Көл районунун кесиптик лицейлеринин жетекчилери, мугалимдери, айыл өкмөтүнүн өкүлү, ата-энелер катышты.
— №85 кесиптик лицейде “Ашпозчу-кондитер” кесиби боюнча билим алып жаткан балдар иш-жүзүндө квалификациялык экзамен беришти. Окуучулар мыкты деген баага татыктуу болушту. Ал эми ата-энелер, мугалимдер жана район жетекчилери келечектеги кесип ээлерине ийгиликтерди каалап кетишти. Бактуу-Долоноту айылындагы №85 кесиптик лицейде «Ашпозчу-кондитер» кесибине ээ болууга айылдагы жумушсуз кыз-келиндер, балдар тартылып, билим алууда, — дейт М.Атаева.
Бул лицейде окуу мөөнөтү он ай. Жакшы окугандарга стипендия төлөнөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер