БИЛИМ КАРАГУЛОВ 90 ЖАШТА
- 20.05.2026
- 0
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү акын, балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, коомдук ишмер Билим Карагуловдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Кечеге акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, адабият күйөрмандары, ошондой эле акындын жердештери – Жумгал районунан келген өкүлдөр катышты.

Иш-чарада Билим Карагуловдун кыргыз адабиятына, айрыкча балдар поэзиясына жана улуттук басма сөз тармагына кошкон зор салымы тууралуу кеңири сөз болду. Катышуучулар анын чыгармачылык жолу, адабияттагы орду жана коомдук ишмердүүлүгү тууралуу ойлорун ортого салышты.

Билим Карагулов кыргыз балдар адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон калемгерлердин бири катары таанымал. Анын «Мандалак» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөндөн тартып эле окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, бир нече муундун балалык дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгүнө айланган. Акындын чыгармаларында балалык дүйнөнүн тазалыгы, кыялкечтиги жана өзгөчө ички дүйнөсү чагылдырылган.
Мааракелик жыйында акындын ырларынан үзүндүлөр окулуп, анын кыргыз маданиятына, агартуу тармагына жана мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берилди.

Белгилүү болгондой, Билим Карагулов 1936-жылдын 1-майында Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн адабиятка, билим берүү тармагына жана мамлекеттик кызматка арнап, «Кыргызстан пионери», «Эл агартуу», «Береке» сыяктуу басылмаларда үзүрлүү эмгектенген.

90 жылдык маараке – бул бир адамдын жаш курагы гана эмес, кыргыз адабияты менен агартуу тарыхындагы өзүнчө доордун урмат-сый менен эскерилиши. Иш-чара соңунда катышуучулар маараке ээсине чың ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык дем каалашты.
Комментарийлер