БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.09.2025
  • 0

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү 1-сентябрь — Билим күнүндө өлкө аймагындагы билим берүү мекемелерине барып, окуучуларды, мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева № 21 угуу жагынан жабыркаган балдардын жатак-мектебинин окуучулары менен жолугушту. Министр жаңы окуу жылынын башталышында окуучуларга окуудагы жаңы ийгиликтерди каалады. “«Балдарды сүйгүлө, кучактагыла жана түшүнгүлө, анткени алар – биздин өзгөчө байлыгыбыз», – деди ал, мугалимдерге, ата-энелерге кайрылып.
Иш-чаранын алкагында министр айым STEM багытындагы мугалимдерге ата мекендик «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктарды тапшырып, бул ноутбуктар билим берүү процессин уюштурууга керектүү болгон окуу материалдары, презентациялар жана санариптик платформалар жүктөлгөн заманбап ноутбуктар экендигин белгилеп өттү.
Өзгөчө балдар билим алган №21 мектеп-интернаты 1974-жылдан бери иштеп келет. Бул мектепти оңдоп-түзөө иштери акыркы жылдары активдүү жүргүзүлүп келатканын белгилесек болот.  Алсак, 2022-жылдын жайында ашкана жана ысык тамак жасалуучу жай жаңыланса, быйылкы жайда жыйындар залы жана ага тиешелүү кошумча бөлмөлөр, спорт зал жана коридорлордун бир бөлүгү оңдолуп, балдар жакшынакай шарттарда, жаңыланган класс бөлмөлөрүндө билим ала баштады.

Билим күнүнө арналган дагы бир салтанаттуу иш-чара К.Тилебалиев атындагы ата-энесинен кароосуз калган балдардын жатак-мектебинде болуп өттү. Ага агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, мугалимдерге “Алтын Казык ноутбуктарын тапшырды.

БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Надира Джусупбекова окуучуларга ийгиликтерди каалап, билимдин маанилүүлүгүн белгилеп өттү: “Билим – ар бир адамдын келечегинин пайдубалы. Жаңы окуу жылы ар бириңиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ийгиликтерге жеткирсин! Сиздердин аракетиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө чоң салым кошот”, – деди ал.

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар окуучулар тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер