БИЛИМ КҮНҮ: ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ УЯСЫНА БАРДЫ

  • 01.09.2023
  • 0

1-сентябрь – Билим күнүндө өлкө башчы Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназиясына барды.

БИЛИМ КҮНҮ: ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ УЯСЫНА БАРДЫ

Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашты.

Президент Садыр Жапаров аталган интернат-гимназияда 9-10-класста билим алган. өлкө башчы интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай таасирин тийгизгени тууралуу айтып берди. Мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

БИЛИМ КҮНҮ: ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ УЯСЫНА БАРДЫ

  • Жарандардын билими мамлекеттин өнүгүшүнүн эң маанилүү пайдубалы жана бул пайдубал мектепте түптөлөт. Көп нерсе мугалимден көз каранды, балдарга берилген билим адам катары калыптанышына жардам берип, келечекке жол ачат. Билимдүү жаштар ар дайым ийгиликтерге жетип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Өз кезегинде мамлекет ар бир жаран татыктуу билимге ээ болушу үчүн билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп жатат”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырды. Эмгек жамаатка, жакынкы келечекте өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү, атап айтканда, келечекте бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу боюнча пландары менен бөлүштү.

БИЛИМ КҮНҮ: ПРЕЗИДЕНТ БИЛИМ УЯСЫНА БАРДЫ

Соңунда Президент Садыр Жапаров мектеп ар дайым билимдин жарыгын таратуусу үчүн А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназиянын мугалимдерине чыдамкайлык жана сабырдуулук каалады.

А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназия 1956-жылы негизделген.

Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өткөн жылы Мамлекет башчысынын демилгеси менен интернатта капиталдык реконструкциялоо башталган.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер