БИЛИМ КҮНҮНДӨ ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ КАМСЫЗДАЛАТ

  • 27.08.2024
  • 0

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда ички иштер органдарынын төрт миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.

БИЛИМ КҮНҮНДӨ ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ КАМСЫЗДАЛАТ

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат.

Ошондой эле министрлик мектептердин жанында жол коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, айдоочуларды унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет.

— Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир топ иштер аткарылууда. Балдарды мектепке ташуу учурунда да өзгөчө көңүл бурулат. Ата-энелер балдарды унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуусу маанилүү, — деп айтылат маалыматта.

ИИМ балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, же күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалуу керектигин белгилейт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер