“БИЛИМ БИЙИК ТҮГӨНБӨС ОКУУ — УЛУК, ААЛАМДА УШУЛ ЭКИ АРТЫКЧЫЛЫК”

  • 02.09.2024
  • 0

Жаңы 2024-2025-окуу жылында Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектеби Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна, иш планына ылайык Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка менен баштады.

“БИЛИМ БИЙИК ТҮГӨНБӨС ОКУУ - УЛУК, ААЛАМДА УШУЛ ЭКИ АРТЫКЧЫЛЫК” “БИЛИМ БИЙИК ТҮГӨНБӨС ОКУУ - УЛУК, ААЛАМДА УШУЛ ЭКИ АРТЫКЧЫЛЫК”

Маалыматка ылайык, бүтүрүүчү класстар 1-класстар менен бирдикте 1-коңгуроонун үнүн жаңыртышты. Мектеп директору Гулзат Абдиева куттуктоо сүйлөдү.

— Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Жавлон Тойчиев, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн атынан Алиаскар Шамшиев, Раззаков шаар мэриясынын атынан муниципалдык департаментинин башчысы Асан Насировдор куттуктоо жолдошту. Мектеп окуучулар чакан концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле быйылкы окуу жылында мектеп жамааты жаңы кадрларды менен толукталды. Алар: математика мугалимдери Узакбай уулу Кайратбек, Савыржан кызы Самара, химия, биология мугалими Кульметова Гүлназ Палмановна, тарых мугалими Жаназаков Санжарбек Маасыдыкович. Эл аралык масштабда билимин өркүндөткөн орус тили мугалими Алдамуратова Айханга сертификат тапшырылды, — дейт Ж.Абдиназаров.

Билим менен эмгек ишти бүткөрөт, Билим бекти муратына жеткирет.

(Жусуп Баласагын)

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер