БИЛИМ БЕРҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЭКИ АЙЛАМПАДА ТАНДАЛАТ

  • 12.06.2026
  • 0

2026-жылы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо үчүн кадрлар резервине квалификациялык тестирлөө өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги №258 «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана жалпы (башталгыч, негизги, орто) билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө» токтомун аткаруу максатында квалификациялык тестирлөө уюштурулат.

Бул иш-чара конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун, объективдүүлүгүн камсыз кылуу жана жетекчилик кызматтарга кадрлар резервин түзүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2026-жылдын 11-июнундагы №760/1 буйругу менен кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди квалификациялык тестирлөөдөн өткөрүүнүн 2026-жылга карата графиги бекитилди.

Тестирлөө жана конкурс эки айлампа менен өткөрүлөт:

1-айлампада 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин талапкерлерден документтерди кабыл алуу жана экспертизадан өткөрүү жүрөт. 25-июлдан 31-июлга чейин квалификациялык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү, ал эми 7-августта конкурс өтөт.

2-айлампада ушундай эле тартипте төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт: 2026-жылдын 8-август – 31-октябрында талапкерлерден документтерди кабыл алуу жана экспертизадан өткөрүү; 16-ноябрь – 27-ноябрь: квалификациялык тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү; 7-декабрь – 11-декабрда конкурс өткөрүлөт.

Документтерди тапшыруу тартиби квалификациялык тестирлөөгө катышууну каалаган талапкерлер белгиленген мөөнөттө өз документтерин «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) аркылуу гана электрондук форматта тапшыра алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер