БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТЕЛЕ-РАДИОБЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 13.12.2022
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТЕЛЕ-РАДИОБЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн билим берүү, телекөрсөтүү, радиоуктуруу, тармагынын бир катар кызматкерлерин сыйлыктар менен сыйлады. 

Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына байланыштуу Президенттин энчилүү сааты менен төмөндөгү кызматкерлер сыйланышты:

— К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова;

— УТРКнын «Кыргыз радиосунун» баяндамачысы Эльмира Ажыканова;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын кинорежиссеру Автандыл Абышкаев;

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТЕЛЕ-РАДИОБЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

— И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин деканы Замирбек Алымкулов;

— УТРКнын «Музыка» телеканалынын алып баруучусу Айзада Жамгырчиева;

— Чүй облустук медиаборборунун редактору Төлөбүбү Касымалиева;

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТЕЛЕ-РАДИОБЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

— Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк;

— Баткен облустук медиаборборунун директору Мамажан Молдоев;

— УТРКнын башкы директорунун орун басары Уланбек Сатиев;

— Ысык-Көл облустук медиаборборунун кабарчысы Асель Тулпарова;

— Нарын облустук медиаборборунун башкы редактору Бөлөкбай Шеримбеков.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын атынан алкыш жарыяланды:

— УТРКнын үн режиссеру Бакытбек Ашырахмановго;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын алып баруучусу Расул Багышбаевге;

— «Кыргызтелефильм» киностудиясынын режиссеру Азат Жакыповго;

— УТРКнын «Маалымат» студиясынын шеф-редактору Нурбек Имановго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» баяндамачысы Назира Молдокуловага;

— УТРКнын «Алтын казына» борборунун улук редактору Берметкан Сарыгуловага;

— УТРКнын шеф-редактору Мирхамид Токтогуловго;

— УТРКнын «Биринчи радиосунун» редактору Кулбюбю Усеновага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын редактору Вера Черниковага;

— УТРКнын «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Амантур Шергазиевге.

Бөлүшүү

Комментарийлер