БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КОРЕЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 31.05.2021
  • 0

Бүгүн, 31-майда Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын Билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы келечеги талкууланды.

Купешев корей стипендиялык программалары, Кыргызстандын жарандары үчүн техникалык багыттар, маалыматтык технологиялар боюнча квоталык орундарды көбөйтүү, ошондой эле кесиптик билим берүү чөйрөсүндө адистерди даярдоо маселелерин көтөрдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КОРЕЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Дэ Гван Корея Республикасынын Билим берүү министрлиги эки өлкөнүн билим берүү системалары менен жакындан таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин делегациясынын Кореяга сапарын уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Маалымат катары айта кетсек, бүгүнкү күндө корей тили Кыргызстандын 65 билим берүү уюмунда окутулат, анын ичинен 45 уюм Бишкек шаарында жайгашкан. Окутуу Билим берүү борбору тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча жүзөгө ашырылат.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-КОРЕЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кореянын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн жыл сайын Кореянын Өкмөтү тарабынан билим берүү гранттары бөлүнөт. Документтерди кабыл алуу жана тандоо Корея билим берүү борборунун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер