БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ӨТКӨРДҮ

  • 27.12.2022
  • 0

Министр жана анын орун басарлары жыл ичиндеги аткарылган иштери тууралуу отчет беришти.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ӨТКӨРДҮ

— Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү жаатында 2025-жылы өтө турган PISA эл аралык изилдөөсүнө кызуу даярдыктар жүрүүдө. Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы 33 мектепте, Бишкек шаарынын 20 мектебинде 5-класстын 5713, 6-класстын 2460 окуучусуна сынамык иретинде PISA тестирлөөсү өткөрүлдү. Бир гана окуучулар эмес, мугалимдер да окутуулардан өткөрүлүүдө- деди, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

Отурумга өнөктөштөрдөн Мерсико келип, жыл ичинде аткарган иштери, 2023-жылга болгон пландары менен бөлүштү.

Ошондой эле кийинки жылга коюлуп жаткан артыкчылыктуу багыттар, пландар тууралуу презентациялар жасалды.

Министрдин орун басары Расул Авазбек уулу:

-Биз 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берүү менен алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейттик. Ошол эле учурда аларга абдан жогорку талаптар да коюлду. Алар белгиленген убакыт аралыгында жогорку окуу жайларынын сапатын аныктаган эл аралык рейтингдерине кирүүсү керек. Андан сырткары педагогикалык багытты тандаган студенттердин саны өскөнүн да кубануу менен белгилей алабыз. Буга да бирден бир себеп ушул багытта билим алган мыкты студенттерге стипендияларды берүү тартибинин өзгөргөндүгү жана мугалимдердин айлыгынын жогорулоосу болду-деп билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер