БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУН КЫДЫРУУДА

  • 14.09.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдор иш сапары менен Баткен облусуна барышты. Иш сапарынын алкагында жетекчилер Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышышты. Шаардагы №7 кесиптик лицейде окуу жайдын жатаканасын кеңейтүү, студенттер үчүн тигүү цехин жана техникалык тейлөө станциясын ачуу аркылуу кошумча финансылык булактарды табуу сунуштары айтылды. Ал эми Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда жетекчилер окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, оңдоо иштери менен таанышып чыгышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУН КЫДЫРУУДА

Кеңейтилген форматтагы жолугушуу Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы № 2 мектепте өттү. Ага окуу жайлардын, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору катышышты. Жолугушууда окуу жайлардагы оңдоо иштери, мектептерге мамлекет тараптан бөлүнгөн каражат, ысык тамак, китепкана фонду боюнча маселелер көтөрүлүп, кызуу талкуу жүрдү.\

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУН КЫДЫРУУДА

Ушундай эле жолугушуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында бардык мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жолугушууда райондогу айрым мектептердин спорт залын оңдоо, кенже кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу ж.б. маселелер козголду.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАТКЕН ОБЛУСУН КЫДЫРУУДА

Министрдин иш сапары эртең Баткен облусунун Лейлек районунда уланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер