БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАҢЫ ЛОГОТИБИ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 11.02.2021
  • 0

№1 элемент. Умай эне (сайма) – логотиптеги негизги элемент – камкордук жана тарбиянын символу. Умай эненин стилистикалык жасалгаланышы.

№2 элемент. От – агартуунун символу (окуу – чырак). Билим берүү өлкөнүн стратегиялык тармагы болуп саналат. Билимдүү улут/муун бардык тоскоолдуктарды жеңип, өлкөнү өнүктүрө алат.

№3 элемент. Жер – ааламдашуунун символу.

Көк түстөгү шар формасында жасалган жер, Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгү бир гана жергиликтүү эмес, глобалдуу өнүгүүгө багытталганын билдирет. Герб түрүндөгү мурдагы логотипке урмат көрсөтүү ирээтинде көк түс тандалды.

Бул үч элементтин биригиши – Умай эне + от + жер. Көрсөтүлгөн логотип негизги болуп эсептелип, мектепке чейинки билим, орто билим, жогорку билим жана илим тармагында түсүн өзгөртүү менен колдонулат.

Көк түстүн мааниси. А. Кононовдун “Түркологиялык жыйнагына” (СССР, 1975) ылайык түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш өздөрүнө тиешелүү түстөргө ээ болгон. Көк түс “түндүк-чыгышты” билдирген.

  1. Билим берүү жана илим министрлигинин негизги логотиби
  2. Мектепке чейинки билим берүү 
  3. Орто билим
  4. Жогорку билим
  5. Илим тармагы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер