БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЮНИСЕФ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ПРОГРАММАСЫНА КОЛ КОЮЛДУ

  • 27.03.2024
  • 0

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЮНИСЕФ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ПРОГРАММАСЫНА КОЛ КОЮЛДУ

26-мартта министр Догдуркүл Кендирбаева менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФтин кызматташуу программасына кол коюшту.

Программа калктын, өзгөчө аялуу топтордун туруктуулугун жогорулатууга, дареметти күчөтүүгө жана татыктуу жумуш орду менен камсыз кылууга багытталган.

2024-2025-жылдарга билим берүү тармагындагы иш планы жаш балдар үчүн гендердик маселелерди жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгууну, сапаттуу инклюзивдик билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну,  жетишкендиктерди баалоо системасын кайра карап чыгууну, бардык мектептерди интернетке жана онлайн-окутууга кошууну, ата-энелерде тарбиялоо көндүмдөрүн жана моделдерин өркүндөтүүнү колдоону камтыйт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер