МИНИСТРЛИКТИН ВОЕННО-АНТОНОВКАДАГЫ БАЛДАР ҮЙҮНҮН ТАРБИЯЛАНУУЧУСУНУН КАЗА БОЛУШУ БОЮНЧА КАЙРЫЛУУСУ

  • 18.06.2021
  • 0

Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин трагедиялуу каза болгон фактысы боюнча түзүлүп жаткан кырдаалды, коомдук пикирди бурмалоо аракеттерин жана балдар менен педагогдордун, бул окуянын күбөлөрүнүн психологиялык оор абалын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукка расмий кайрылуу менен чыгууну зарыл деп тапты.

Военно-Антоновкадагы балдар үйү жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар үчүн ачылган мекеме экенин белгилөө зарыл. Тарбиячылар менен педагогдордун жогорку педагогикалык билими бар, тийиштүү категориядагы балдарды окутуу-тарбиялоо иштери боюнча системалуу түрдө курстардан өтүп турушат, бейөкмөт уюмдардын көп сандаган текшерүүлөрү (рэкет, дедовщина маселелери боюнча дагы) бул балдар үйүнүн аброю жакшы экенин көп жолу далилдеген.

Балдар үйүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик кызматкерлери өзүнүн ишинде маалыматты жаап-жашырууга жол бербеши үчүн өз жоопкерчилигин жетиштүү түрдө билишет, аны окуялардын төмөнкү хронологиясы күбөлөп турат.

— 2021-жылы 1-июнда балдарды уктатууга даярдык көрүлүп жаткан учурда тарбиячынын жардамчысы балдардын чакырыгы боюнча барып, Игорь Якунинди уктоочу бөлмөдө эс-учу жок жаткан абалда көрөт, аны бирге ойноп жаткан балдар тегеректеп турган болот. Тарбиячы жергиликтүү “Тез жардамды” чакырууга аракет кылып, телефон чалып ала алган эмес, бирок балдар үйүнүн директоруна жана медайымга телефон чалып, чукул кабар берген. Ошондон бир нече мүнөттөн кийин директор дароо жетип келген, маалымат алар замат анын өзү дагы медайымга телефон чалган. Директор менен медайым бир убакта келип, баланы эсине келтирүүгө аракет кылышкан.

Ошондон кийин алар Игорь Якунинди “Тез жардамга” жеткиришкен. “Тез жардамдын” дарыгерлери баланын өлгөнүн аныктап, ошол замат эле түзүлгөн кырдаалды Чүй областынын Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө билдиришкен. Игорь Якуниндин денесин изилдеп кароо Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн соттук-медициналык эксперти жана ОДП боюнча кызматкери тарабынан балдар үйүнүн директорунун катышуусунда жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө баланын денесинде өлүмгө алып келген зомбулуктун издери табылган эмес (тийиштүү протокол жана фотосүрөттөр бар). Бир гана оң тизесинде сүрүлүп сыйрылган жери көрүнгөн.

— 2021-жылы 2-июнда саат 9:48де электрондук почта аркылуу Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директорунан 1-июнда Игорь Якунин менен болгон трагедиялык инцидент жөнүндө КР Билим берүү жана илим министрлигине расмий кайрылуу келген.

— 2021-жылы 2-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзгөн, ага Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле министрликтин юристтери кирген. Комиссия окуя болгон жерге дароо барып, ишти териштирген. Балдар үйүнүн кызматкерлери менен медайымды сурамжылоо жүргүзүлгөн. Балдардын жаман психологиялык абалын жана укук коргоо органдарынын алдыда аткара турган иштерин эске алып, аларды сурамжылоо болгон эмес.

— 2021-жылы 4-июнда КР Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылы 2-июнда болгон соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсүн алган, анда баланын өлүмүнүн себеби тийиштүү лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин гана аныктала турганы жазылган.

Азыркы убакта баланын өлүмүнүн зордук-зомбулук мүнөзүн көрсөткөн фактылар жок. Бирок, күнөөсүздүк презумциясына карабай, укук коргоо органдары гана тийиштүү иликтөө жүргүзүүгө укуктуу жана компетенттүү экенине карабай, айрым адамдар ЖМКда “адам өлтүрүү” жөнүндө маалымат берип жатышат.

Андан тышкары, ЖМК алардан балдар күбө катары берген дегендей конкреттүү баланы киши өлтүрүүгө айыптап, анын жеке маалыматтарын ачыктаган маалыматты алууда. Бул маселенин айланасындагы кырдаал, ЖМКдагы жана социалдык тармактагы карама-каршылыктуу маалыматтар балдар үйүндөгү балдарга жана педагогдорго карата кырдаалды курчутууда. Негизсиз, азырынча эч кандай далилденбеген айыптоолордон басынган балдарды кайтарууга алууга туура келүүдө.

Жогорудагы маалыматты эске алуу менен, ким тараптан гана болбосун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин, “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” КР Мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын бардык тийиштүү нормаларын тебелөө менен, айрыкча, ата-энеден кароосуз калган жашы жете элек балдарга карата, өзгөчө оор кылмыш үчүн кимдир-бирөөнү ачык эле күнөөлөгөн аракеттерди адам укугун одоно бузуу деп эсептейбиз жана ага жол берилбеши керек деп ойлойбуз.

Биз бардык тараптарды иш-аракеттердин укуктук режимин сактоого жана расмий тергөөнүн тыянагын күтүүгө чакырабыз.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер