БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ЭМДЕЛҮҮДӨ

  • 13.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы вакцина алууну улантып жатат. Бүгүн, 13-июлда министрликке Бишкек шаарынын №1 поликлиникасынын мобилдик тобу келди. Министрликтин жетекчилиги биринчилерден болуп «Синофарм» вакцинасын алды.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделишти.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер