БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИЗРАИЛДИН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • 27.06.2023
  • 0

25 — июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, министрликтин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамыров баштаган кыргыз делегациясы ORT Israel ири билим берүү тармагынын башкармалыгына барышты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИЗРАИЛДИН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Кыргыз делегациясынын иш сапары кесиптик даярдоонун технологиялык билим берүү моделин изилдөө үчүн уюштурулган.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасы жөнүндө презентация жасады.

Ошондой эле актуалдуу кесиптер боюнча окутуу жаатында эки ведомствонун кызматташуусу тууралуу маалымат берилди.

Ort Colleges маркетинг боюнча директору Нава Римберг жана колледждердин администрациясынын кесиптик контент боюнча директору Шахар Ависид кыргыз делегациясына иш берүүчүлөрдүн конкреттүү муктаждыктарына ылайыкташтырылган жеке кесиптик курстарды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИЗРАИЛДИН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

ОRT бүтүрүүчүлөргө алдыңкы технологиялык билим берүү жана окутуу, алардын жогорку технологиялык индустрияга интеграцияланышына көмөк көрсөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Министрликтин кызматкерлери Кыргызстанда кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөргө эл аралык рынокко чыгууга мүмкүндүк бере турган сапаттуу билим берүү шарттарын түзүү ниетин билдиришти.

Кыргызстан кесиптик-техникалык билим берүү тармагында пайдалуу тажрыйба алууга кызыкдар болгондуктан, бул сапар эки өлкө ортосунда идеялар жана билимдер менен алмашуунун башталышы болду

Бөлүшүү

Комментарийлер