БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА БЕЛГИСИЗ ЗАТКА УУЛАНГАН 42 ОКУУЧУ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮ

  • 13.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор-Ата шаарында белгисиз затка ууланган 42 окуучу боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, төмөндөгүлөрдү билдирет.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА БЕЛГИСИЗ ЗАТКА УУЛАНГАН 42 ОКУУЧУ ТУУРАЛУУ БИЛДИРҮҮСҮ

Аталган окуя 2023-жылдын 11-майында Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинде болгон. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде медицина кызматкерлери тарабынан саат 13.00дө 6-7-8-класстардын 100дөй окуучусуна лекция окулган. Саат 13.30дар чамасында лекцияга катышып жаткан окуучулардын арасынан 3-4 окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жогото баштаган.

Мугалимдер “Тез жардам” кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

Азыркы учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Жергиликтүү администрациянын жана оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык, 12-майдагы сабактар 20-майга, 13-майдагы сабактар 25-майга жылдырылды. 12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Аталган мектепте жалпы 1132 окуучу бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер