БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЧМӨ КОЛЛЕГИЯСЫ ӨТТҮ

  • 22.03.2023
  • 0

22-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия (кеңейтилген курамда) өттү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН КӨЧМӨ КОЛЛЕГИЯСЫ ӨТТҮ

Коллегиянын жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Билимди балоо жана окутуу усулдар борборунун директору Чынара Батракеева жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары, тестти өткөрүүгө даярдык (ЖРТ) жөнүндө баяндама жасады.

Мындан сырткары PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү маселелери, билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүүчү кеңештин курамы жана билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүүнүн жыйынтыктары жана башка темаларда баяндамалар болду.

Ошондой эле коллегияда “Teach for Kyrgyzstan-Заманбап мугалим” программасы презентацияланып, Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

IMG_4328

Бөлүшүү

Комментарийлер