БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЭЛЕКТРОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ КАРАЖАТТАРЫ

  • 03.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-сентябрдан тартып 2-11-класс окуучулары үчүн дистанттык формада билим берүүнү баштады. Телесабактар 10дон ашык студияда тартылып, ЭлТРдин “Илим жана Билим” (5-11-класс) жана КТРКнын “Баластан” (1-4) телеканалдарынан эфирден берилүүдө.

Эфирден чыгарылган видеосабактар Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү порталына (https://oku.edu.gov.kg/ky/) жайгаштырылып жатат.

oku.edu.gov.kg — порталында мындан тышкары мугалимдер үчүн, ата-энелер үчүн методикалык иштелмелер дагы жайгаштырылган, алар үчүн нускама видеосабактар дагы коюлат.

kitep.edu.gov.kg/kg — электрондук китепканасы иштеп жатат. Бул жерге 700дөн ашуун мектеп программасына тийиштүү китептер үч тилде (кыргыз, орус жана өзбек) жайгаштырылган. Тиешелүү бөлүмдөргө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга, же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн. Мындан сырткары окуучулар үчүн пайдалуу башка адабияттар дагы бар. Мисалы: санариптик сабаттуулукту, медиа маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуучу окуу китептери, Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жазуучуларынын белгилүү чыгармалары бар. Китептерди окуучулар электрондук китепкананын ичинде же болбосо көчүрүп алып окуса болот.

Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да материалдар жайгашкан.

ibilim.kg — окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан жети предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси. Кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталат. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

bb.edu.gov.kg/ — “Билим булагы” – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиалык комплекси.

Кошумча билим берүү тиркемелери:

MEGA24 мобилдик тиркемеси. Тиркеменин “Санарип мектеп” бөлүгүндө эфирден чыгарылган видеосабактар жайгаштырылууда. Тиркеменин дагы бир артыкчылыгы видеосабактар көрсөтүлгөн телеканалдарды түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул мүмкүнчүлүк телевизору жок жарандарыбызга видеосабактарды көрүүнүн жакшы альтернативдүү жолу катары санасак болот. Тиркемени колдонууга окуучулардан интернет трафиги сарпталбайт.

Zoom жана WhatsApp мобилдик тиркемелери. Бул тиркемелер аркылуу мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруша алышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер