БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ ЭМИ ЖАРАНДАР ОНЛАЙН КАЙРЫЛСА БОЛОТ

  • 19.03.2020
  • 0

Коронавирустун жайылуу коркунучун алдын алуу жана жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги арыз-кайрылууларды онлайн кабыл алууга өттү. Аны менен бирге министрлик жарандарга үйдө шартында эле кайрылууларын калтырууну сунуштайт.

Мындан ары жарандар кайрылууларын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан http://kat.edu.gov.kg/ порталы аркылуу онлайн калтырса болот.

Ал үчүн жарандар http://kat.edu.gov.kg порталына кирип, министрликтеги тийиштүү бөлүмдү тандап, керектүү бөлүкчөлөрдү толтуруп, билдирүүнү электрондук түрдө жибериши керек.

Арыз же кайрылуулар министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн электрондук дарегине келип түшөт. Өз кезегинде адистер мыйзамда каралган мөөнөттө катка жооп берүүгө милдеттүү.

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер