БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖЕТЕКЧИ АЛМАШТЫ

  • 06.05.2021
  • 0

Кыргызстанда 5-майда жаңы Конституция күчүнө кирип, анын талабына ылайык өкмөт отставкага кетип, анын ордуна Министрлер кабинети түзүлдү. Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна министр болуп Болотбек Купешев дайындалды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖЕТЕКЧИ АЛМАШТЫ

Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Алмаз Бейшеналиев менен коштошуп жатып, анын кыска убакытта көп иштерди бүтүрүүгө жетишкен ишмердиги жөнүндө көп мактоо жана ыраазылык сөздөрүн айтышты. Ал тармакты жетектеген жети айга жетпеген убакыт ичинде стратегиялык маанидеги көп иштер аткарылганын, анын кесипкөй чечимдерин, жогорку адамгерчилик мамилесин баса белгилешти.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖЕТЕКЧИ АЛМАШТЫ

Алмаз Бейшеналиев өз кезегинде ынтымакташып бир кишидей иштешкени үчүн аппараттын кызматкерлерине ыраазылык сөзүн айтты. Ал ошондой эле жогорку жетекчиликтин сунушу менен Кыргызстандын эл аралык уюмдарында элчилик милдетти аткарганы кетип жатканын да билдирди.

Болотбек Купешев билим берүү тармагына өз киши, Бишкекте убагында мектеп директору болуп ийгиликтүү иштеген. Андан кийин мамлекеттик жетекчи кызматтарда иштеп такшалган.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖЕТЕКЧИ АЛМАШТЫ

Жаңы жетекчини министрликтин борборук аппаратына КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тааныштырды.

Жаңы министр билим берүү тармагы пандемия менен экономикалык кризистин айынан кыйынчылык тартып жаткан учурда келди. Бирок бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди чечип, өнүгүүнүн стратегиялык жолу менен алып кеткенге анын жетекчилик потенциалы, интеллектуалдык күчү, кесипкөй тажрыйбасы жетет  деген ишенич чоң.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер