БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

  • 15.10.2020
  • 0
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

Билим берүү жана илим министри болуп жаңы дайындалган Алмазбек Бейшеналиев кызматын аткарууга киришти.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15-октябрда жаңы жетекчини министрликтин эмгек жамаатына өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт  Аманбаев тааныштырды.

“Биз Алмазбек Бейшеналиевке ишенебиз,  силер да ишениңиздер”,-деди өкмөттүн аппарат башчысы.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

Алмазбек Бейшеналиев өз кезегинде билим берүү тармагындагы кырдаалга, биринчи кезекте чечүүнү талап  кылган маселелерге учкай токтоло кетти.

“Биз формалдуулуктан чыга албай келген көп маселелер бар. Көбүнчө консервативдик мамиле жасайбыз. Дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, жаңыланып, реформаларды жүргүзүп, заман талабына жараша өзгөрүшүбүз керек. Биздин негизги чыгарып жаткан продукциябыз – биздин бүтүрүүчүлөр. Алар эмгек рыногуна, базар талабына канчалык жооп берип жатат, алардын сапаты кандай деңгээлде деген чоң суроо бар. Санариптешүүдө чечилбей келаткан бир топ көйгөйлөрүбүз бар. Андан сырткары биз ишибизде транспаренттүүлүктү камсыздашыбыз керек. Кандай жардамдар келип жатат, кандай долбоор иштеп жатат, кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат, биз ошонун баарын Кыргызстандын жарандарына толук маалымат жеткирип турушубуз зарыл”,-деди  билим берүү тармагынын жаңы жетекчиси.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагында өзүнчө стратегиялык көз карашы бар кесипкөй ишмер, окумуштуу, педагог. Жетекчилик тажрыйбасы дагы жетиштүү, Кыргызстандын ичинде жана сыртында окуу жайларда жетекчилик кызматты аткарган, Өкмөттүн аппаратында билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ошондуктан азыркы кыйын кырдаалда жаңы министр кырдаалды жакшы жөнгө салып, тармакты өнүктүрүүнү туура жолдо алып кете алат деген ишеним коомчулукта чоң болууда.

Жаңы министр 39 жашта. Ал Людвигсбург педагогикалык университетин аяктаган. 2007-жылы педагогика жана англис филологиясы боюнча магистр даражасын алган. Варшавадагы Висла университетинде иштеген, ал эми 2013-жылдан бери Джон Хопкинс университетинин профессору. Кыргызстанда бир нече убакыт Жаш ишкерлер ассоциациясын жетектеген. 2018-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы болгон.

 

 

Поделиться

Комментарии