БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ: ТАЖИК СТУДЕНТТЕРИНЕ КЫСЫМ БОЛГОН ЭМЕС

  • 19.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзода мырзанын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын куугунтукталып жаткандыгы тууралуу айткандары боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1932 жараны окуду. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары – студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу келип түшкөн эмес. Анын үстүнө кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу процесси көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлдү.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер