БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ РОССИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 20.04.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин онлайн конференциясы болуп өттү.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ РОССИЯНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Онлайн жыйында тараптар эки өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарында уюштурулуп жаткан дистанттык окутуу боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле Россия тараптын физика-математикалык, табигый илимдер багыты боюнча электрондук материалдар жана онлайн платформаларды колдонууга уруксат берүү маселелери талкуланды.

Видеоконференциянын жүрүшүндө мектеп жана орто кесиптик билим берүү системасы жаатында мындан ары кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Омуров, Надира Джусупбекова, министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев жана Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, ал эми Россия тараптан Агартуу министринин орун басары Дмирий Глушко башчылыгындагы бир нече өкүлдөр катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер