БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

  • 23.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Майлуу-Суу шаарындагы №4 “Гнездышко” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Г.А.Аттокурова өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин билдирет.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

2023-жылдын 16-майында блогер Улукбек Карыбек уулу ютуб каналына https://www.youtube.com/watch?v=VJ4EZak8i8k Майлуу-Суу шаарындагы №4 “Гнездышко” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы укук бузуулар боюнча видео чыгарган.

Аталган видеодогу укук бузуулар боюнча Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Г.А.Аттокурова туура эмес төлөнгөн эмгек акыларды Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын эсебине накталай төлөм түрүндө кайтарып берди.

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү КР Эмгек Кодексинин 146-беренесинин негизинде Г.А.Аттокуровага эмгек милдеттерди укукка каршы аткаргандыгы үчүн сөгүш берди. 2023-жылдын 22-майында Г.А.Аттокурова өз каалоосу менен кызматтык милдеттерден бошотуу жөнүндө арызын жазды.

Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы №4 инновациялык гимназия мектебинде Билим берүү жана илим министрлигинин “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүү жөнүндө буйругу менен жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору таанышты. Буга кошумча мектептерде ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулуп, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, ШБББнүн, ШИИБнүн, ШЭСКМБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйындар өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер