БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

  • 13.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык түйүндөрдө активдүү талкууланып жаткан Бишкек шаарындагы №19 мектептин айланасындагы акча чогултууга байланышкан окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирет

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Аталган окуя алгач маалымат каражаттарына, социалдык тарматкарда жайылган учурдан тарта Министрликтин көзөмөлүндө болуп, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментине кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча тапшырма берилген.

Борбор калаанын билим берүү департаментинин маалыматына ылайык, фейсбук баракчасындагы кайрылуу Биринчи Май райондук билим берүү борборунун катышуусунда каралып, мектеп директорунан жана №19 орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын класс жетекчилеринен да түшүнүк кат алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2023-жылдын 11-майында мектепте бүтүрүү класстарынын класс жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрүлүп, протоколго ылайык төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынгандыгы аныкталды:

— экзамен өткөрүүгө ата-энелерден акча чогултуунун жол берилбестиги жөнүндө;

— баланын экзамен тапшыруу үчүн керектүү канцелярдык буюмдар менен комплектелиши жөнүндө маалыматты ата-энесине жеткирүү (көк калем, циркуль, карандаш, резинка, капаска салынган дептер жана сызгыч).

Класс жетекчилер акча чогултууга тыюу салуу буйругу менен кол коюп таанышып чыккан, мугалимдер жана мектеп администрациясы эч кандай акча каражатын чогулткан эмес. Ал эми публикацияда көрсөтүлгөн чыгымдар аталган мектептин 11 “Б” классынын 10 ата-энесинин демилгеси менен болгон, класс жетекчиси билген эмес.

Мектеп директоруна ата-энелер коомчулугу жана мектептин педагогикалык жамааты менен кайрадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле бүтүрүүчү класстардын жалпы ата-энелер чогулушун өткөрүү жана ата-энелер тарабынан өз демилгеси менен болсо да экзамен үчүн акча чогултууларга, белектерди берүүгө жол берилбестигин жеткирүү тапшырмасы берилди.

 

Урматтуу ата-энелер!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү жөнүндө”, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын «Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча жана башка жыйымдарга тыюу салуу жөнүндө» буйруктары менен мектептерде директордун жеке жоопкерчилиги астында (мектеп администрациясы тарабынан) акча чогултууга тыюу салынгандыгын маалымдайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер